Xiaomi "Гарри Поттер" франшизасынын стилинде жасалган планшетин чыгарды

Xiaomi "Гарри Поттер" франшизасынын стилинде жасалган планшетин чыгарды

Xiaomi компаниясы "Гарри Поттер" франшизасынын стилинде жасалган Redmi Pad 2 Pro планшетининлимиттелген версиясын тааныштырды. Бул модель Кытай рыногу үчүн гана чыгарылып, бренддин күйөрмандарына жана коллекционерлерге багытталган.

Redmi Pad 2 Pro Harry Potter Edition көк түстөгү дизайнда жасалып, сыйкырдуу дүйнөгө шилтеме берген декоративдүү элементтер менен кооздолгон. Ошондой эле ал кеңейтилген комплект менен айырмаланат. Топтомго ремени бар сумка, коргоочу капкак, сыйкырдуу таякча стилинде жасалган стилус жана тематикалык наклейкалар кирет.

Техникалык мүнөздөмөлөрү боюнча лимиттелген версия кадимки модель менен толук шайкеш келет. Планшет 120 Гц жаңылануу жыштыгына ээ 12,1 дюймдук дисплей, Snapdragon 7s Gen 4 процессору жана 33 Вт кубаттуулуктагы тез кубаттоо колдоосу бар 12 000 мАч батарея менен жабдылган.

Түзмөк бир гана конфигурацияда — 8 ГБ оперативдүү жана 256 ГБ ички эс тутуму менен сунушталат. Баасы кадимки версияга салыштырмалуу болжол менен 500 юанга кымбат. Harry Potter Edition модели Кытайдан тышкары өлкөлөрдө сатылышы мүмкүнбү же жокпу — азырынча маалымат жок.

Мындан тышкары окуңуз

Чаткалда 31,6 гектар жер жаңы ГЭС курууга берилди

Чаткалда 31,6 гектар жер жаңы ГЭС курууга берилди

Министрлер Кабинети Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы аянты 31,59 гектар болгон жер тилкесин чакан гидроэлектростанция куруу үчүн трансформациялоо чечимин кабыл алды. Документке ылайык, мамлекеттик менчиктеги бул жер тилкеси "айыл чарба багытындагы жерлер" жана "токой фондуна кирген жерлер" категориясынан "өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана

Барскоон-Бедел жолуна 3 жылда 53,4 млрд сом жумшалат

Барскоон-Бедел жолуна 3 жылда 53,4 млрд сом жумшалат

2026-жылга жана 2027–2028-жылдардагы пландуу мезгилге карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда мамлекеттик инвестициялар боюнча чыгашалар жана капиталдык салымдарды каржылоонун булактары (5-берене) бекитилген. Документке ылайык, 2026-жылга капиталдык салымдар үчүн 27,68 млрд сом каралган. Анын ичинен 17,68 млрд сом Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Бедел унаа жолун курууга багытталат. Дагы 10 млрд

Кескин кымбаттоолордон кийин алтын баасы дароо түшө баштады

Кескин кымбаттоолордон кийин алтын баасы дароо түшө баштады

Акыркы айларда дүйнөлүк алтын баалары эң олуттуу төмөндөөнү башынан кечирди. Тарыхый рекордду жаңырткандан кийин котировкалар кескин түрдө ылдый бурулуп, эки күндүн ичинде дээрлик 12%га арзандап, унциясы 5 миң доллардан төмөн түштү деп жазат "РосБизнесКонсалтинг" компаниясы. Тренддин кескин өзгөрүшү 29-январда башталган. Бул күнү Чикаго товардык биржасында (CME) апрель

Бишкек Батыш айланма жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлду

Бишкек Батыш айланма жолун куруу боюнча меморандумга кол коюлду

23-январда Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте Бишкек шаарынын Батыш айланма жолун куруу жана пайдалануу долбоору боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады. Документ долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) принциптеринин негизинде ишке ашырууга кызыкдар болгон тараптардын ниеттерин бекемдеди. Меморандумга Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин, Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, Бишкек шаарынын