Айыл чарба министрлиги дары-дармектик өсүмдүктөрдү өстүрүүнү сунуш кылды

Айыл чарба министрлиги  дары-дармектик өсүмдүктөрдү өстүрүүнү сунуш кылды

Айыл чарба министрлиги фермерлерге айыл чарба жерлеринде дары-дармектик өсүмдүктөрдү өстүрүүгө уруксат берүүнү сунуштоодо. Бул максатта Министрлер Кабинети 22-январда тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизди.

Нормативдик укуктук актыга тиркелген маалымкатта министрлик азыркы мыйзамдарга ылайык дары-дармектик өсүмдүктөр айыл чарба өсүмдүктөрүнүн катарына кирбей турганын, ошондуктан аларды айыл чарба жерлеринде өстүрүүгө тыюу салынганын түшүндүрөт.

Айыл чарба министрлигинин баалоосу боюнча, дары-дармектик өсүмдүктөрдү өстүрүү жогорку экономикалык потенциалга ээ. Ушуга байланыштуу министрлик бул өсүмдүктөрдү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тизмесине кошууну сунуштайт.

Мыйзам долбоорунун текстине ылайык, айыл чарба өсүмдүктөрүнө төмөнкү өсүмдүктөрдү кошуу сунушталууда: валериана, календула, шалфей, шафран, ак чайыр, аконит, арнебия, алтын тамыр, кызыл мия, чычырканак, итмурун, барбарис, чабрец, ромашка, чай чөп.

Жогорку Кеңештин ишинин календарлык планына ылайык, аталган өзгөртүүлөр 2026-жылдын февраль айында каралат. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтындагы маалыматта айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Ар жылы дүйнөдө 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат

Жыл сайын дүйнөдө болжол менен 1 млрд тонна азык-түлүк ыргытылат. Бул жалпы өндүрүлгөн азыктын дээрлик бештен бир бөлүгүн түзөт. Мындай көрүнүш адамдарга да, айлана-чөйрөгө да терс таасирин тийгизет. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк калдыктарынын 60%ы үй чарбаларынын деңгээлинде пайда болот. Калган бөлүгү коомдук тамактануу тармагына жана чекене соодага туура келет.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги ири компаниялар менен кызматташат

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы кечээ Бишкек шаарындагы “Кока-Кола Бишкек Боттлерс” ЖЧКсынын заводунда болгонун аталган агенттиктен билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, анда ишкананын иши, ошондой эле өлкө экономикасына инвестицияларды кеңейтүү жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланды. Компаниянын өкүлдөрүнүн айтымында, ишкана Кыргызстанда 1996-жылдан бери ийгиликтүү иш алып барып келет жана бул аралыкта өндүрүштү

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Бул бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн жакшы жолу – Кубан Чороев

Экономист Кубан Чороев "Кабар" агенттигине улуттук валютаны жана мамлекеттик маанидеги документтерди өзүбүздөн басып чыгаруу бир нече негизги стратегиялык артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, чыгымдарды кыскартуу жана валютаны үнөмдөө эң башкы артыкчылык. "Буга чейин Кыргызстан сомду басып чыгаруу үчүн Франция же Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдүн ири компанияларына миллиондогон доллар

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстан импортунун 63%ын Кытай менен Россия камсыздайт

Кыргызстанга товарларды импорттоодо негизги үлүш Кытай менен Россияга туура келерин Улуттук статистика комитетинин 2026-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылды. Кытайдан келген импорт жалпы көлөмдүн 36,6%ын (338,6 млн доллар), Россиядан — 26,4%ын (244,3 млн доллар) түзөт. Кыргызстанга товар жеткирген негизги беш өлкөнүн катарына ошондой эле