Индиянын премьер-министри Нарендра Моди соцтармакта эң көп катталуучусу бар адам болду

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди соцтармакта эң көп катталуучусу бар адам болду

Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди дүйнөлүк лидерлердин арасынан соцтармактарда 100 миллиондон ашык катталучусу бар лидер болуп калганын  Times of India жазды.

Нарендра Моди 2014-жылы социалдык тармакта аккаунт ачкан. Азыр башка дүйнөлүк саясатчыларга салыштырмалуу анын катталуучулары эки эсе көп: АКШ президенти Дональд Трамптыкы – 43,2 млн, Индонезия лидери Прабово Субиантонуку – 15 миллион, Бразилия президентики – 14,4 миллион, Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдогандыкы – 11,6 миллион.

Индия ичинде да Премьер Моди башка саясатчылардан алдыда: Уттар-Прадеш штатынын башчысы Йоги Адитьянатхта – 16,1 млн катталуучу, оппозиция лидери Рахул Гандиде – болжол менен 12,6 млн катталуучу бар.

Мындан тышкары окуңуз

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

БШКнын төрагасы Венгриянын депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүүчү болду

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алмаз Конутаев экөө 12-апрелде Венгрияда өткөн парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүү программасына катышышты. Венгрияда парламенттик шайлоо ар төрт жылда бир жолу өткөрүлүп, Улуттук жыйындын депутаттары шайланып турат. Ага ылайык, Венгриянын сегиз миллионго жакын жараны өз демократиялык укуктарын ишке ашырып,

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Кыргызстанда жылыга 25 миңге чейин унаа чыгарууну көздөйт – С.Вакунов

Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов радио эфиринде Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгынын учурдагы багыттары жана келечеги тууралуу айтып берди. Анын айтымында, толук ишке ашпай жаткан багыттардын бири — өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү. Бул форматта долбоорлор эки өлкө тарабынан биргелешип ишке ашырылат. Ал экономикалык байланыштарды дал ушул багытта өнүктүрүү зарыл экенин кошумчалады. Элчи

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Акыркы 6 жылда Кыргызстанда балык өндүрүү 6 эсеге өскөн

Кыргызстанда балык жана балык продукциясын өндүрүү акыркы жылдары олуттуу өсүшкө жеткенин Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында Балык чарба департаментинин директорунун орун басары Нуразамат Акпаралы уулу билдирди. Анын маалыматына ылайык, 2019-жылы өлкөдө 3 миң тоннадан ашык балык өндүрүлсө, 2025-жылдын жыйынтыгында бул көрсөткүч 19,5 миң тоннага жеткен. Ал ошондой эле департамент

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Рысалиев кармалганы кабарланды

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын мурдагы орун басары Даниэл Рысалиевди кармаганын “Азаттык” жазды. Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери аны Ысык-Көлдөн кармаган. ИИМ азырынча маалымат бере элек. Ага кайсыл иш боюнча, кандай айып коюлганы да азырынча белгисиз. Ал 2025-жылдын декабрь айында УКМКнын төрагасынын орун басары -