Германияда асмандан метеорит сыныктары түштү
Германияда асмандан түшкөн метеориттин сыныктары бир нече үйдүн чатырларын жабыркатканын РИА Новости билдирет.
Маалыматка ылайык, метеориттин сыныктары Рейнланд-Пфальц аймагындагы үйлөргө зыян келтирген. Айрыкча Хунсрюк жана Эйфель региондорунан, ошондой эле Кобленц шаарынан чатырлардын жабыркаганы тууралуу маалыматтар түшкөн.
Түндүк Рейн-Вестфалиядагы аба мейкиндигин көзөмөлдөгөн борбордун өкүлү бул окуя чындап болгонун айтты. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.
Жергиликтүү социалдык тармактарда бул окуя чоң талкуу жаратууда. Айрым адамдар метеорит кайдан келген болушу мүмкүн экенин айтып, өз ойлорун жазып жатышат. Ошондой эле көргөн сүрөттөрү менен видеолорун бөлүшүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, асманда караңгыны жарып өткөн чоң, жаркыраган шар көрүнгөн.