АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку максимумга жетти
АКШда бензиндин орточо баасы акыркы 2,5 жылдагы эң жогорку деңгээлге жетип, бир галлон үчүн 3,8 $ чыкты. Бул тууралуу Америкалык автомобиль ассоциациясына шилтеме берип, РИА Новости билдирди.
Energy Information Administration көз карандысыз уюмунун аналитиктеринин маалыматына ылайык, мындай деңгээл акыркы жолу 2023-жылдын октябрь айында катталып, бир галлон үчүн 4 $ чейин жеткен.
Ал ортодо, Американын ар кайсыл штаттарында бензин ар түрдүү баада сатылып жаткандыгы маалым болду. Америкадагы эң арзан күйүүчү май түштүк жана борбордук штаттарда сакталып, Техас, Оклахома жана Миссисипи штаттарында бензиндин бир галлону 2,6–2,9 $ тегерегинде сатылып жатат.
Ал эми өлкөнүн чыгыш бөлүгүндө, мисалы - Нью-Йорк штатында бензиндин 1 галлону 3,1–3,2 $ барабар болсо, Калифорния штатында бензиндин баасы учурда бир галлон үчүн болжол менен 5,19 $ түзүп жаткандыгын Ишкер медианын окурманы Арлан Исаков кабарлады.
Эксперттер баанын өсүшүн дүйнөлүк мунай рыногундагы чыңалуу, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы кырдаал менен байланыштырышууда. АКШ жана Израиль Ирандагы объекттерге сокку ургандан кийин, аймактагы чыңалуу күчөп, бул өз кезегинде энергетикалык рынокко таасирин тийгизди.