Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда шоколаддар “кичирейип”, салмагы 75–80 граммга чейин азайды

Казакстанда акыркы жылдары шоколад плиткаларынын салмагы байкаларлык азайып, мурунку 100 граммдын ордуна 75–80 грамм болуп калды. Бул тууралуу NUR.KZ басылмасынын талдоосунда маалымдалат.

Билдирүүгө караганда, азыр дүкөндөрдөгү көптөгөн азыктар так салмакта эмес — май, сүт азыктары, кондитердик товарлар сыяктуу эле шоколад да акырындап “кичирейип” барат. Сыртынан кадимкидей көрүнгөнү менен, салмагы мурдагыдан алда канча азайууда.

 Белгилүү бренддер өзгөрдү

 Мисалы, Nestlé компаниясынын шоколаддары: 2006-жылы — 100 гр болсо, 2015-жылы — 90 гр, 2023-жылы — 82 гр ал эми 2026-жылы — болгону 75 гр түзүп жатат. Ал эми анын баасы тескерисинче өсүү динамикасын көрсөтүүдө: мурда 455 теңге болсо, азыр 1000 теңгеден жогору сатылат.

Ошондой эле Alpen Gold жана Milka да ушундай жолду басып өттү: мурда — 100 гр, кийин – 90-80 гр түшүп, баалары болсо эки эсеге чейин жогорулаган.

Шоколаддын “кичирейиши” Казакстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да байкалууда.

Салмагын азайтпаган шоколаддар  

Ошентсе да Кахакстандын базарларында стандарттуу 100 граммдык плиткалар сакталып калгандыгы айтылууда. Алар: Рахат жана Баян Сулуу ишканаларынын “Казахстан” шоколаддары Ritter Sport жана башкалар.

Серепчилердин баамында, салмакты азайтуу ыкмасы “жашыруун кымбаттатуу” болуп саналат. Башкача айтканда, өндүрүүчүлөр бааны кескин көтөрбөш үчүн товарды кичирейтип, чыгымды азайтып жатышат.

Жыйынтыктап айтканда, 20 жылдан бери шоколад плиткаларынын салмагы кичирейгени менен, алардын баасы өсүп жатат. Бул көрүнүш азык-түлүктүн көпчүлүк түрүндө байкалып, керектөөчүлөр үчүн байкалбаганы менен капчыктарына залакасын тийгизип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды. Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

Бишкекте түнкү клубдарда баңгизатка каршы рейддер өткөрүлдү

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Бишкек шаарында комплекстүү ыкчам-профилактикалык иш-чараларды өткөрдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Рейддер жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда шаардагы бир катар түнкү клубдарда жана барларда жүргүзүлдү. Анын максаты — баңгизат жана психотроптук заттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн алдын алуу, аныктоо жана бөгөт коюу болду. Иш-чаранын жүрүшүндө мыйзам талаптарын

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

Бишкекте 1-апрелде айрым райондордо суу өчүрүлөт

1-апрелде саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү төмөнкү аймактарды камтыйт: Лермонтов, Ауэзов, Ш. Баатыр жана Көлбаев көчөлөрүнүн аралыгы, ЖЭБ–Токмок каналы, ошондой эле Аламүдүн кичи району жана Куруучулар шаарчасы. Суу берүү "Каджисай" суу топтомосунда жана шаардык

Кайсы учурда мүлккө салык милдеттүү болот?

Кайсы учурда мүлккө салык милдеттүү болот?

Батирдин аянты 80 чарчы метрден, ал эми жеке турак үйдүн аянты 150 чарчы метрден ашкан учурда гана мүлк салыгы эсептелет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов “Кабардагы” маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, мисалы, аянты 200 чарчы метр болгон жеке үйдүн 150 чарчы метри салыктан бошотулуп, калган