Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Кыргызстан менен Корея парламенттик кызматташтыкты күчөтөт

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер жана бирикмелер боюнча комитетинин төрагасы Ким Сок Гини кабыл алды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, парламенттик дипломатияны күчтөндүрүү маселелери талкууланды.

Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Корея акыркы жылдары бардык багыттарда жигердүү кызматташып жатканын белгилеп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү маанилүү экенин айтты. Ал Жогорку Кеңеште Корея менен кызматташуу боюнча 22 депутаттан турган достук тобу түзүлгөнүн кошумчалады.

Ошондой эле тараптар эл аралык аянтчалардагы кызматташуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана экология, климат маселелери боюнча тажрыйба алмашуу тууралуу пикир алышты.

Өз кезегинде Ким Сок Ги Кыргызстанга болгон сапар парламенттер аралык алакаларды бекемдөөгө багытталганын белгилеп, эки өлкө 1992-жылдан бери тыгыз кызматташып келе жатканын айтты. Ал түз аба каттамынын ачылышы байланыштарды арттырып жатканын жана туризм тармагында да кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууга бир катар депутаттар жана тиешелүү комитеттердин өкүлдөрү катышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасы акыркы төрт жылда орточо 10,2% өстү

Кыргызстандын экономикасынын өсүү темпи акыркы төрт жылда орточо 10,2%ды түздү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, 2026-жылдын январь-июль айларында ички дүң продукциянын реалдуу өсүү темпи 11,1%га жеткен. Президент бул көрсөткүч Борбор Азияда гана эмес, дүйнөдө

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Эгемендүүлүктүн 36 жылдыгы Нарын облусунда белгиленет

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 36 жылдыгы келерки жылы Нарын облусунда белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Таласта Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган жыйынтыктоочу иш-чарада билдирди. Мамлекет башчысынын катышуусунда Талас шаарында Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган масштабдуу майрамдык иш-чара өттү. Анын алкагында "Тарых изи: жаралуудан келечекке" аттуу театралдаштырылган көрсөтүү тартууланды. Көрсөтүүдө

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,