Өзбекстанда саатына 260 км ылдамдыкта жүрө турган ылдам поезд ишке киргизилет

Өзбекстанда саатына 260 км ылдамдыкта жүрө турган ылдам поезд ишке киргизилет

2026-жылдын 2-майынан тарта Өзбекстанда Ташкент–Хива багыты боюнча “Жалолиддин Мангуберди” аттуу жаңы ылдам жүрүүчү поезд каттай баштайт. Бул долбоор өлкөдө заманбап темир жол каттамдарын кеңейтүүдөгү маанилүү кадам катары бааланууда.

Өзбекстандын туристтик биримдигинен маалымдагандай, жаңы поезд Түштүк Кореянын Hyundai Rotem компаниясы тарабынан чыгарылып, саатына 260 чакырымга чейин ылдамдыкта жүрө алат. Курамында 7 вагон болуп, жалпысынан 390 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган. Поездде VIP, бизнес жана эконом класстагы орундар болот.

Бул темир жол каттамы негизги шаарлардын ортосундагы жол жүрүү убактысын кыйла кыскартып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды сунуштайт.

Поездге Хорезм империясынын акыркы башкаруучусу, тарыхта эрдиги жана мекенчилдиги менен белгилүү Жалолиддин Мангубердинин ысымы берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Россиянын күйүүчү май рыногундагы абал жакшы эмеспи?

Аналитиктердин пикиринде, 1-апрелден тарта киргизилген экспортко тыюу Россиянын күйүүчү май рыногундагы абалды толук турукташтыра албайт. Анткени кошумча күйүүчү май көлөмдөрү мунайды кайра иштетүүчү заводдордун токтоп калуусуна байланыштуу "жутулуп кетерин" "Компания Уфаойл" аналитикалык тобу билдиргенин Коммерсантъ жазды. Тыюу күн сайын өлкө ичинде кошумча 6–7 миң тонна

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" ЭЭАсы WFZO уюмуна толук кандуу мүчө болду

"Нарын" эркин экономикалык аймагы World Free Zones Organization уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, добуш берүү укугуна ээ болгонун президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, бул кадам Кыргызстандын эл аралык инвестициялык аренадагы позициясын бекемдөөгө жана глобалдык өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүүгө маанилүү салым

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

"Кемин – Балыкчы" долбоору: 67,7 млн евролук электр линиясы колдоого алынды

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети "Кемин" жана "Балыкчы" подстанцияларынын ортосунда 500 кВ аба электр линиясын куруу долбоору боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоор Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Ошто коопсуздук эрежелерин бузган курулушка 200 миң сом айып салынды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы Ош шаарындагы 16 кабаттуу турак жай комплексинин курулушун текшерди. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүү жарандардын кайрылуусунун негизинде Курманжан-Датка көчөсү, 54 дарегинде жайгашкан объектте жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгында техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы, коопсуздук чараларынын жетишсиздиги жана кызма