Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот – Максат Ишенбаев
Эми финансылык инструменттер да, акчага жетүү да, баары алда канча кымбат болот. Мындай пикирин «Бай-Түшүм» банкынын башкармалыгынын төрагасы Максат Ишенбаев Бишкекте ЖИА уюштурган «Перезагрузка – 2022» деген аталыштагы Антикризистик форумда билдирди. Ишенбаевдин пикиринде сомдун мындай девальвациясына жол берилбеши керек болчу. «Улуттук банк рублдин артынан байланып, чуркабай, интервенция жасап, рынокто экенин