Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси келет

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси келет

Жакында түзүлгөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун директорлук кызматына Ak-Sai Travel компаниясынын жетекчиси келет. Мындай маалыматты бүгүн, 25-мартта Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев «Биринчи Радиого» берген маеги учурунда айтты.

Министр 2022-жылга Антикризистик чаралардын бекитилген пландары тууралуу маалымат берип жатып, жакында эле түзүлгөн Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду аймактардагы жумушсуздук маселесин кандайдыр бир деңгээлде чечүүгө жардам берээрин, аталган фонд айыл жерлериндеги тургундарды үйлөрүндө хостелдерди түзүп, чет элдик туристтерди кабыл алууну үйрөтөөрү тууралуу айтты.

«Республиканын бардык аймактарындагы жаратылыштын артыкчылыктары бар. Ошолордун баарын картага түшүрүп, аларды чет элден келген туристтерге сунуштоо боюнча чоң долбоорлор иштелип чыгууда. Аталган фондго 1 млрд сом акча каражаты каралган, жакынкы арада анын директорун дайындайбыз. Ага тажрыйбалуу Ak-Sai Travel деген компаниянын жетекчиси макул болду. Ал ишти баштап берип, нугуна тургузуп, кайра өкмөткө өткөрүп бере турган болуп, бизге чоң жардам берип жатат», – деди Амангелдиев.

Эскерте кетсек, «КРда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүү жөнүндө чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Уставдык капиталы 1 млрд сомдук туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ички туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенмекчи.

Ак-Сай Трэвел – кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан толук лицензияланган туристтик компания. Ал Кыргызстандын туристтик рыногунда 1998-жылдан бери иштеп келет жана бир нече жолу өлкөнүн эң мыкты туроператору сыйлыгын жеңип алган.

Мындан тышкары окуңуз

Кырчында 90 бейтапка ылайыкталган мобилдүү госпиталь даярдалды

Кырчында 90 бейтапка ылайыкталган мобилдүү госпиталь даярдалды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мобилдүү госпиталы жайылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Мобилдүү госпиталь 21 унаадан жана 31 чатырдан турат. Анда хирургиялык операция жасоочу жай, УЗИ жана рентген аппараттары, лаборатория, реанимобиль жана мобилдүү дарыкана каралган. Госпиталь күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алууга, 20га чейин

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 840 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн жыл башынан бери 840 кг таштанды чыгарылды

2026-жылдын башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясында жалпысынан 55 рейддик иш-чара өтүп, анын жүрүшүндө 36 500 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор (365 даана) жана 840 килограммга жакын таштанды чыгарылды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, рейддин негизги максаты — Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу

Кырчын жайлоосундагы мал союучу жайлар текшерилди

Кырчын жайлоосундагы мал союучу жайлар текшерилди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында Кырчын жайлоосунда ветеринардык көзөмөл жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы билдирди. 27-августта кызматтын Ысык-Көл облусундагы регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Садыр Аке айыл аймагындагы этношаарчада жайгашкан эки убактылуу мал союучу жайдын ишмердүүлүгүн текшеришти. Мындан тышкары, Бишкек жана Ош шаарларынан, жети облустан келген

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат

Нарын облусунда электр унааларын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында 18 электр унаасын кубаттоочу станция иштеп жатат. Нарын электр тармактар ишканасынын маалыматына караганда, кубаттоочу станцияларды “Кыргызстан улуттук электр тармагы” облус аймагындагы электр унаа ээлеринин керектөөсүн камсыз кылып, экологиялык жактан таза транспорт түрүн өнүктүрүүгө жана электр энергиясын натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүүдө. Электр