акыркы жаңылыктар

Талапкерлиги комитетте колдоо таппаган Кадыркуловду президент элчи кылып дайындады

Талапкерлиги комитетте колдоо таппаган Кадыркуловду президент элчи кылып дайындады

Бүгүн, 26-январда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов комитетте колдоо таппаган талапкер элчи болуп бекитилгенин айтты. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 24-январдагы жыйынында депутаттар Идрис Кадыркулов талапкерлигин колдогон эмес. Эл өкүлдөрү Кадыркуловдун УКМК жетекчилигинен кеткен себебин, атайын кызматты жетектеп тургандагы

Идрис Кадыркулов Украинага, Улукбек Марипов Сауд Аравияга Элчи болуп дайындалышты

Идрис Кадыркулов Украинага, Улукбек Марипов Сауд Аравияга Элчи болуп дайындалышты

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Улукбек Марипов КРнын Сауд Аравия Королдугундагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Ал эми Идрис Кадыркулов КРнын Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. Эске салсак, УКМКны 2018-жылдын апрель айынан 2019-жылдын майына чейин жетектеген Идрис Кадыркулов Кыргызстандын электрондук паспортуна

Министрлер кабинети дары-дармектерди төртүнчү жолу экспорттоого тыюу салды

Министрлер кабинети дары-дармектерди төртүнчү жолу экспорттоого тыюу салды

Министрлер Кабинети калктын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, өлкөдө оор эпидемиологиялык кырдаалдын алдын алуу иретинде дары-дармек жана медициналык багыттагы буюмдардын тартыштыгын болтурбоо максатында аларды сыртка ташып чыгууга (экспорттоого) 6 айга убактылуу тыюу салды. Эске салсак, чектөө үч жолу – 2020-жылдын июль айында, 2021-жылдын апрелинде жана октябрында киргизилген болчу.

Бүгүн ишкерлер үчүн «Жаңы Салык кодексине ылайык салык режимин тандоо» темасында онлайн сессия болот

Бүгүн ишкерлер үчүн «Жаңы Салык кодексине ылайык салык режимин тандоо» темасында онлайн сессия болот

Бүгүн саат 16.00дө Бизнес-омбудсмен Институту Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте ишкерлер үчүн «КРнын жаңы Салык кодексине ылайык салык режимин тандоо» темасында онлайн суроо-жооп сессиясын өткөрөт. Сессиянын модератору – бизнес-омбудсмендин орун басары Сергей Пономарев болмокчу, ал эми чакырылган конок – Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов болот.

Акылбек Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу быйыл башталат

Акылбек Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу быйыл башталат

Быйыл «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу башталат. Бул тууралуу кечээ, 25-январда Кыргызстанда жана коңшулаш Казакстан менен Өзбекстанда электр энергиясы масштабдуу өчүрүлгөндөн кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, курулуштун биринчи этабын ишке ашыруу үчүн 418 млн доллар керектелет, дээрлик 18.8 млн доллар капиталдык салымдарга – инфраструктураны курууга

УКМК: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү башталды

УКМК: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү башталды

УКМКнын маалымат кызматы бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма диплому болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү иштери башталганын билдирет. УКМК жогорку билими тууралуу документтерди мыйзамсыз даярдоо, жасалмалоо жана пайдалануу кылмыш жоопкерчилигине алып келерин жана жарандын мамлекеттик кызматты мыйзамсыз ээлегенинин натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтурулаарын эскертет. «Буга байланыштуу УКМК жогорку

Энергетика министри жарыктын өчүү себептерин азырынча айтпай турганын билдирди

Энергетика министри жарыктын өчүү себептерин азырынча айтпай турганын билдирди

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев иликтөө иштери жүрмөйүнчө электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн себебин атабай турганын билдирди. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында айтты. Ал билдиргендей, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын түштүгү бирдиктүү энергетикалык шакекчеде иштешет. «Бул биз үчүн ишеничтүү. Бирок бүгүн мен комментарий айткым келбеген жагдай болду. Тергөөлөр болот, кийин эмне болгонун жарыялайбыз. Бирок

Күйүүчү майдын баасы 2022-жылдын ортосуна чейин кымбаттайт – Нефтетрейдерлер

Кызыктуу

Күйүүчү майдын баасы 2022-жылдын ортосуна чейин кымбаттайт – Нефтетрейдерлер

Күйүүчү майдын кымбаттаганы – бул 2020-жылдын аягынан бери келе жаткан тенденция. Кыргызстан импорттон көз каранды өлкө болгондуктан, биз бул тенденциядан четте калган жокпуз. Күйүүчү майдын баасы жыл ортосуна чейин кымбаттай бериши күтүлүүдө. Бул тууралуу  Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов «Биринчи радиого» билдирди. Анын айтымында, пандемия учурунда мунай азыктарына баа кескин

Электр жарыгы өчкөндө 112 кызматына республика боюнча 500гө жакын чалуу болду

Электр жарыгы өчкөндө 112 кызматына республика боюнча 500гө жакын чалуу болду

Электр жарыгы өчкөн учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун 112 кызматына республики боюнча 500гө жакын чалуу болгон. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, электр жарыгына байланышкан кырсык боюнча чалуу түшкөн эмес. Жарандардын чалуулары тек гана электр жарыгы эмне себептен өчкөдүгү жана качан күйө тургандыгы тууралуу

Борбор Азиядагы жарыктын өчүрүлүшүнө Казакстандагы авария себеп болушу мүмкүн

Борбор Азиядагы жарыктын өчүрүлүшүнө Казакстандагы авария себеп болушу мүмкүн

Казакстандын электр тармактарын башкаруучу компаниясы (KEGOC) Казакстандагы электр жарыгынын өчүрүлүшү электр энергиясына «күч келгендигине» байланыштуу болгонун Tengrinews.kz билдирди. «2022-жылдын 25-январында саат 11:59да (Нур-Султан убактысы боюнча) Борбордук Азиянын (Өзбекстан, Кыргызстан) энергетикалык тутумунда түзүлгөн олуттуу авариялык дисбаланстын кесепетинен 500 кВ электр энергиясынын транзити үчүн электр энергиянын кескин

Улуттук энергохолдинг: Электр системасын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн

Улуттук энергохолдинг: Электр системасын этап-этабы менен калыбына келтирүү бир нече саатка созулушу мүмкүн

Кыргызстандын энергетика системасы Борбордук Азиянын Бириккен энергетикалык шакеги авариялык өчүүдөн кийин этап-этабы менен калыбына келтирилүүдө. Бул тууралуу «Улуттук Энергохолдингдин» маалымат кызматы билдирди. Берилген маалыматка ылайык, КР Энергетика министрлигинин тапшырмасы боюнча энергетикалык компаниялар Бирдиктүү энергетикалык шакекти айланып өтүп, керектөөчүлөрдү энергия менен камсыздоону этап-этабы менен калыбына келтирүүнү баштады. «Республиканын ири

Свет жок. «Манас» аэропорту автономдук режимде иштөөгө өттү

Свет жок. «Манас» аэропорту автономдук режимде иштөөгө өттү

Электр жарыгынын өчүрүлүшүнө байланыштуу «Манас» аэропорту автономдуу электр менен камсыздоого өттү. Бул тууралуу 24.kg агенттигине аэропорттун басма сөз кызматы билдирди. «Учууларды кабыл алууда эч кандай көйгөй жок. Аэропорт үзгүлтүксүз иштейт, бирок толук режимде эмес. Бишкек-Исламабад чартердик рейсине каттоо убактылуу токтотулду», – деп билдиришти аэропорттон. Эскерте кетсек, бүгүн, 25-январда