Энергетика министри жарыктын өчүү себептерин азырынча айтпай турганын билдирди

Энергетика министри жарыктын өчүү себептерин азырынча айтпай турганын билдирди

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев иликтөө иштери жүрмөйүнчө электр жарыгынын өчүрүлүшүнүн себебин атабай турганын билдирди. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында айтты.

Ал билдиргендей, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын түштүгү бирдиктүү энергетикалык шакекчеде иштешет.

«Бул биз үчүн ишеничтүү. Бирок бүгүн мен комментарий айткым келбеген жагдай болду. Тергөөлөр болот, кийин эмне болгонун жарыялайбыз. Бирок биз бир тууган элдербиз жана чогуу иштешибиз керек экенин белгилегим келет. Союздун тушунда болгон энергетикалык шакекче ишенимдүү иштеп жатат», – деди министр.

Министр учурда ар бир өлкө өзүнүн иштөө режимин калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат, андан кийин республикалар кайрадан бир шакекчеге кошулушаарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-январда Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда электр жарыгы өчтү. Анын себеби катары Казакстандагы чыңалуудан чыккан авария айтылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ак-Бууранын боюнда 15 гектарлык заманбап эс алуу багы ачылды

Ош шаарындагы Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгында аянты 15 гектар болгон жаңы эс алуу багы ачылды. Ал жер гүлдөр жана жашыл бактар менен көрктөндүрүлүп, түнкү жарыктандыруулар орнотулгон. Калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, депутаттар жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев катышты. Марлен Маматалиев

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Индиянын медиасы Кыргызстандагы инвестиция боюнча маек алды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Индиянын IANS маалымат агенттигине маек берди. Улуттук агенттиктин басма сөз кызматы билдиргендей, ал маекте өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Мындан сырткары, Кыргызстандын өнүгүү келечеги тууралуу сөз болуп, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен кызматташтыкты

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Молдовановкада коомдук каттамдарды уюштуруу жана жер маселеси көтөрүлдү

Чүй облусунун Молдовановка айылында коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү, каттамдарды уюштуруу, жер маселеси жана социалдык көйгөйлөр көтөрүлдү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Жогорку Кенештин депутаты Максат Алымбеков Аламүдүн районундагы аталган аймакка иш сапары менен барып, жергиликтүү тургундар менен баарлашкан. Белгиленгендей, эл өкүлү маселелерди жеринен угуп, аларды тиешелүү мамлекеттик

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Таласта 57 млн сомго 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду

Талас районунун Ак-Жар айылындагы А. Султанбеков атындагы мектепке 150 орундуу жаңы окуу имараты курулду. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, иштер республикалык казынадан каржыланып, объекттин жалпы наркы 57 млн сомду түздү. Мекеме жаңы окуу жылында пайдаланууга берилет. Эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1282 чарчы метр.