Бийлик
Депутаттык топ төрага менен биргеликте Нарын облусун иш сапары менен кыдырып башташты
Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламент билдирди. Алгач төрага Кочкор районуна караштуу Орток айылында жайгашкан А.Жалпетеков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Шакиев окуучулар үшүбөй, жылуу класстарда билим алышы керектигин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге оңдоп-түзөө иштерин тез арада бүткөрүү талабын