2024-жылдан баштап соода ишине патент жокко чыгарылат

2024-жылдан баштап соода ишине патент жокко чыгарылат

Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылдын 1-январынан тартып өлкөнүн аймагында патенттин негизинде соода ишин жүргүзүү токтотула тургандыгын маалымдайт.

Ошол күнгө чейин патенттин негизинде соода кылган ишкерлер салык салуунун башка режимдерине өтүшү керек.

Тактап айтканда, ишкерлер төмөнкү салык режимдерин тандай алышат:

• жалпы салык режими: салыктар колдонуудагы салык мыйзамдарына жана жалпы негиздердеги ставкаларга ылайык төлөнөт;

• бирдиктүү салык: чакан жана орто бизнес үчүн алгылыктуу салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы. Салыктын ставкалары жылдык кирешенин көлөмү 8 млн сомго чейин болсо 0%, ал эми 30 млн сомго чейин – 1% жана 50 млн сомго чейин – 0,5% түзөт.

Бирдиктүү салыктын негизинде иштегендер контролдук-кассалык машинаны (ККМ) пайдаланууга жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча талаптарды, ошондой эле бир катар башка милдеттенмелерди аткарууга милдеттүү.

Көрсөтүлгөн салык режимдеринин бирөөсүнө өтүш үчүн ишкерлер учурдагы салыктык катталган жери боюнча салык органына арыз бериши керек.

Азыркы учурда салык органдары башка салык режимдерине акырындык менен өткөрүүнү камсыз кылуу максатында соода ишин жүргүзгөн ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бул өзгөртүүлөр салык системасын жакшыртууга жана ишкерлер үчүн адилеттүү жана ачык-айкын салык шарттарын түзүүгө багытталган.

Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстандын экономикасында акча которуулардын үлүшү 20%дан төмөндөдү

Кыргызстанга чет өлкөдөн келип түшкөн акча которуулардын ички дүң продукцияга (ИДП) карата үлүшү мурдагы 30%дан 20%га жетпеген деңгээлге төмөндөдү. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда, Улуттук банктын басма сөз жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Азат Козубеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан мурда акча которуулардын экономикадагы үлүшү эң жогору болгон

Ишкер Media
Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Сокулукта мыйзамсыз курулуп жаткан цехке айып салынды

Мамлекеттик курулуш көзөмөл департаментинин Чүй башкармалыгы Сокулук районунун Кызыл-Туу айылында мыйзамсыз курулушту аныктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, текшерүүдө желдеткич соргучтарды жасоочу өндүрүштүк цех катары пайдалануу үчүн кампа долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз курулуп жатканы белгилүү болгон. Жыйынтыгында жооптуу "ЭкстраВент" ЖЧКсына акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу

Ишкер Media
Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Таласта 50 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Талас шаарында аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген мүчөлөрү бар 50 үй-бүлөгө 15 тонна көмүр таратылды. Бул тууралуу Талас шаарынын мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, социалдык жардам көрсөтүү үчүн шаардык бюджеттен 100 миң сом бөлүнүп, ар бир үй-бүлөгө 6 каптан көмүр берилди. Жардам алуучулардын тизмеси тиешелүү башкармалыктын

Ишкер Media
3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

3 кыргыз студенти Финансылык коопсуздук боюнча олимпиадада байгеге ээ болушту

Кыргызстандык студенттер Красноярск шаарында өткөн Финансылык коопсуздук боюнча VI Эл аралык олимпиадада байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу Илим министрлигинен кабарлады. Маалым болгондой, олимпиаданын финалдык этабына 45 өлкөдөн 700гө жакын катышуучу катышты. Жыйынтыгында 35 өлкөдөн келген 219 катышуучу жеңүүчү жана байге ээси аталды. Алардын 193ү студенттер болду. Финалдын жыйынтыгы боюнча

Ишкер Media