Экономика
Кыргызстан кореялык Sky Industrial Group менен лифт куруу тармагын өнүктүрүүнү ниеттенүүдө
Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев лифт куруу тармагындагы кореялык Sky Industrial Group жана «Кыргыз лифт ассоциациясы» Коомдук бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мекеме билдирди. Холдинг жана «Кыргыз лифт» кластердик ыкманы колдонуу менен Кыргызстанда лифт куруу сыяктуу жаңы өнөр жай тармагын өнүктүрүүнү илгерилетүү максатында Корея менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө ниеттенүүдө.