акыркы жаңылыктар

«Цзы-Цзинь» корпорациясы Алтынкенге кошумча инвестиция тартуу пландары бар

Бизнес

«Цзы-Цзинь» корпорациясы Алтынкенге кошумча инвестиция тартуу пландары бар

«Цзы-Цзинь» тоо-кен корпорациясы өндүрүштү кеңейтүү үчүн «Алтынкен» ЖЧКсына кошумча инвестиция тартуу пландары бар. Бул тууралуу ишкананын вице-президенти Ван Чун экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов менен жолугушуу учурунда айтып берди. Министрдин орун басары акыркы жылдары эки өлкөнүн өнөр жай тармагында кызматташууну жигердүү өнүктүрүүгө кызыгуу артып жатканын белгиледи. Кытай тоо-кен тармагында

Оштун мэриясы мыйзамсыз курулуштарды токтотту – даректер

Бизнес

Оштун мэриясы мыйзамсыз курулуштарды токтотту – даректер

Ош шаарынын мэриясы мыйзамсыз курулган имараттарды, анын ичинде уруксат кагаздары жок курулган көп кабаттуу үйлөрдү көзөмөлгө алган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы эскертти. Маалыматка ылайык, рейд учурунда архитектура жана шаардык мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы шаардын аймагында жайгашкан алты өз билемдик менен курулуш иштерин жүргүзүп жаткан төмөнкү даректердеги курулуштарды аныктап, аларга

Aero Nomad Оштон Ысык-Көлгө каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

Коом

Aero Nomad Оштон Ысык-Көлгө каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы  каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди. Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына бир жолу - жума күндөрү аткарылат. Эскерте кетсек, Tez Jet авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына

Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат

Бийлик

Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат

Кыргызстанда Эмгек кодексинин жаңы редакциясы иштелип жатат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. Министр Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мекеменин ишмердигинде эмгек жана иш менен камсыз кылуу маселелери негиз болуп саналат. «Документ тараптардын эмгек мамилелеринин кызыкчылыктарынын тең салмактуулугуна, экономикалык өсүшкө, өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана адамдардын бакубаттуулукка жетишүү үчүн зарыл

Күзүндө кыргызстандык жана грузиялык туристтик компаниялар менен роуд-шоу өткөрүлөт

Бизнес

Күзүндө кыргызстандык жана грузиялык туристтик компаниялар менен роуд-шоу өткөрүлөт

КРнын Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев менен туризм администрациясынын башчысы Майя Омиадзенин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды. Туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында күзүндө кыргызстандык жана грузиялык туристтик компаниялардын катышуулары менен Роуд-шоу өткөрүү макулдашылды. Жолугушуунун натыйжасында тараптар туризм

Минкабдын кезектеги жыйыны өттү – аткаминерлер 15 маселени талкуулашты

Бийлик

Минкабдын кезектеги жыйыны өттү – аткаминерлер 15 маселени талкуулашты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп, жыйындын күн тартибинде 15 маселе каралды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Негизгилерине токтоло турган болсок, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын «Сандалаш» участогунун түндүк-чыгышында жайгашкан жалпы аянты 19 396 га жерди «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» категориясынан «Запастагы

Ысык-Көлдө боз үйлөрдүн кароо-сынак фестивалы өтөт

Коом

Ысык-Көлдө боз үйлөрдүн кароо-сынак фестивалы өтөт

Ысык-көл облусунун Кызыл -Туу айылында «Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы» эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. 2023-жылдын 15-16-июль күндөрү Тоң районуна караштуу Кызыл -Туу айылында «Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы» аталышындагы эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт. Фестиваль кароо-сынак 7 багыт боюнча өткөрүлөт: · «Кан боз үй»

Кыргызстанда канча жасалма уруктандыруу пунктары бар экендигин Айыл чарба министрлиги айтып берди

Экономика

Кыргызстанда канча жасалма уруктандыруу пунктары бар экендигин Айыл чарба министрлиги айтып берди

Кыргызстанда боюнча бүгүнкү күндө 264 жасалма уруктандыруу пунктары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат. Бул тууралуу маалыматты Айыл чарба министрлиги билдирди. Такталгандай, 2023-жылдын II кварталына карата 58 037 баш уй-кунаажындар уруктандыруудан өткөрүлдү. Бул көрсөткүч 2022-жылдын II кварталына салыштырмалуу (57 340) 697 башка көп уруктандырылды. Айыл чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу боюнча республикалык асыл

Энергетика министрлиги көмүрдү унаа менен чет мамлекеттерге ташууга тыюу салууну сунуштады

Экономика

Энергетика министрлиги көмүрдү унаа менен чет мамлекеттерге ташууга тыюу салууну сунуштады

Энергетика министрлиги Кыргызстандан көмүр ташып чыгууга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, Энергетика министрлиги көмүрдү (ЕАЭБ ТН ВЭД 2701 жана 2702 коддору боюнча классификацияланган) сегиз айлык мөөнөткө унаа транспорту менен ташып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштады. Бул чарага «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрүү пункттары кирбейт. Ошентип,

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10.5 млрд кубометрден ашты

Экономика

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10.5 млрд кубометрден ашты

13-июлга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 544 млн кубометрди түздү. Бул тууралуу маалымат «Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтында жарыяланды. Мекеме билдиргендей, суу сактагычка суунун агып кириши агымдан ашат. Суунун агып кириши секундасына 615 м³, чыгымы 442 м³ деңгээлинде. Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыдан төмөн бойдон

Кыргызстандын «ИННОПРОМ-2023» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө биринчи жолу катышуусу – фотоотчет

Бизнес

Кыргызстандын «ИННОПРОМ-2023» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө биринчи жолу катышуусу – фотоотчет

Кыргызстандын делегациясы2023-жылдын 10-июлунан 13-июлга чейин Екатеринбургда «ИННОПРОМ-2023» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, КРнын павильонундагы продукциялар ата мекендик 15 компания тарабынан сунушталып, өнөр жай, курулуш, тигүү, текстиль жана башка товарлардын кеңири ассортиментин камтыды. Көргөзмөнүн алкагында кыргыз делегациясы КРнын мамлекеттик органдары, бир катар

Бишкектин Свердлов районунда жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштери уланууда

Бийлик

Бишкектин Свердлов районунда жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштери уланууда

Свердлов районунун башчысы Максатбек Саргазаков жолдордун жана тротуарлардын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын жумушчулары негизги жолдорду, тротуарларды жана жөө адамдар өтүүчү аймактарды асфальттоо иштерин улантууда. Менделеев көчөсүн, Кажысай жана Енисейский тар көчөлөрүнүн жолдорун капиталдык оңдоп- түздөө иштери аяктады. Алай жана Балыкчы тар көчөлөрүндө