акыркы жаңылыктар

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд кубометрден ашты

Коом

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд кубометрден ашты

27-июнга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 80 млн кубометрге жетти. Бул тууралуу маалымат «Электр станциялары» ишканасынын расмий сайтында жарыяланды. Ишканадан билдиришкендей, суу сактагычка суунун агып кириши агымдан ашат. Суунун агып кириши секундасына 991 м³, чыгымы 383 м³ түзүүдө. Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли былтыркыдан төмөн бойдон

«Альфа Телекомдун» мурдагы башкы директору Азат Базаркулов кармалды

Бийлик

«Альфа Телекомдун» мурдагы башкы директору Азат Базаркулов кармалды

«Альфа Телекомдун» мурдагы башкы директору Азат Базакулов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Такталгандай, УКМК коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында “Альфа Телеком” ЖАКсында сатып алуулар системасындагы мыйзам бузуу фактыларын аныктады. «КР Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен

Кыргызстан менен Казакстан суу ресурстарын туруктуу башкаруусун талкуулашты

Бийлик

Кыргызстан менен Казакстан суу ресурстарын туруктуу башкаруусун талкуулашты

2023-жылдын 26-июнунда Кыргызстан менен Казакстандын суу ресурстарын башкаруу боюнча кызматташтыгын бекемдөө маселелери талкууланды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады. Жыйындын жүрүшүндө облустун суу ресурстарын оптималдуу пайдалануу жана туруктуу башкаруу маселелери талкууланды. Катышуучулар суу ресурстарын башкаруу тармагында колдонулуп жаткан алдыңкы тажрыйбалар менен алмашып, туруктуу өнүгүү чөйрөсүндө жалпы максаттарга жетүү үчүн кызматташууга

Ош шаарында таза суу берүүдө көйгөйлөр жок – «Ош шаарсууканал»

Коом

Ош шаарында таза суу берүүдө көйгөйлөр жок – «Ош шаарсууканал»

Ош шаарында таза берүүдө көйгөйлөр жок. Бул тууралуу Ош шаары боюнча Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын бөлүмү менен жолугушууда «Ош шаарсууканал» муниципалдык ишканасынын жетекчилиги билдирди. Тараптар Бишкектеги ичүүчү суу көйгөйүнүн Ош шаарында алдын алуу, кайталанбоосу боюнча ичүүчү суудагы кырдаалды изилдөө жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатын талкуулашты. Отурумда калкты ичүүчү суу

Венгрия менен БАЭ Кыргызстандан этти сатып алуудан баш тартышты — баасы Казакстандан кымбат

Экономика

Венгрия менен БАЭ Кыргызстандан этти сатып алуудан баш тартышты — баасы Казакстандан кымбат

Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргызстандын "Торо" компаниясы Венгрияга жана Бириккен Араб Эмираттарына эт экспорттоону пландаштырып жатканын буга чейин кабарлаган элек. Бирок тилекке каршы, көп өтпөй компания экспортко чыгалбай калганын билдирген. Ата мекендик "Торо" ЖЧК муздатылган кой этин элүүдөн 100 тоннага чейин ай сайын БАЭге жеткирүү боюнча келишим

Чүйдө прокуратуранын кызматкери 20 миң долларлык пара алып жаткан жеринен кармалды

Коом

Чүйдө прокуратуранын кызматкери 20 миң долларлык пара алып жаткан жеринен кармалды

Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. 20 миң долларын алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Такталгандай, УКМК КР Башкы прокуратурасынын тергөө башкармалыгы менен биргеликте 2023-жылдын 23-июнунда 20 миң долларын алып жаткан жеринен Чүй облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн башкы адиси А.У.А. кармалган. «Ал арыз ээсине

Кадамжайда 95 га жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин тергөө аяктады

Коом

Кадамжайда 95 га жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш ишин тергөө аяктады

КР УКМК тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы Айрыбаз а/а жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөөсү аяктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Кадамжай районунун Айрыбаз а/а токтомунун негизинде 581 жаранга 95 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда, Кадамжай районунун

«Токмок суу каналда» суу түтүктөрү сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

Коом

«Токмок суу каналда» суу түтүктөрү сатуу боюнча коррупциялык схема аныкталды

«Токмок суу канал» ММдин балансында турган мамлекеттик мүлктү (чоң көлөмдөгү суу түтүктөрү) уурдоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМК маалымат кызматы билдирди. Тактап айтканда, «Токмок суу канал» ММдин директорунун орун басары А.А.A. баш болуп аталган мекеменин директоруна билгизбей ири суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурулган. «Ошол эле учурда,

Бишкекте «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди

Бизнес

Бишкекте «Бир айыл – бир продукт» долбоорун ишке ашыруу планы бекитилди

Бишкектин мэриясы борбор калаада «Бир айыл – бир продукт» элдик экономикалык (БАБП) долбоорун ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын бекитти. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Иш-аракеттер планы Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) консультациялык колдоосу менен иштелип чыккан. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтык кампанияны өткөрүүгө көмөктөшүү боюнча иш-чараларды

Салык кызматынын лотереясынын экинчи күнүндө 234 баалуу байге ойнотулат

Коом

Салык кызматынын лотереясынын экинчи күнүндө 234 баалуу байге ойнотулат

Бүгүн, 27-июнь – «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун экинчи күнү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 4 фен ойнотулат. Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Эскерте кетсек, 26-июнда 100 iPhone14, 100

«Бизнес – эркектин иши деген түшүнүк өткөндө калды» – Анара Джумабаева

Бизнес маек

«Бизнес – эркектин иши деген түшүнүк өткөндө калды» – Анара Джумабаева

Кесипкөй адис айлык үчүн иштөөдөн чарчаган учурда жеке иш ачуу - ал үчүн моралдык жана материалдык канааттануу алуу үчүн айкын чечим болуп калмакчы. ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданияттар факультетинин бүтүрүүчүсү Анара Джумабаева дагы ушундай кырдаалды башынан өткөргөн. Анара Эмилбековна жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин мектептерде жана университеттерде англис тилинен сабак

Ош облусунда 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Экономика

Ош облусунда 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан 1.40 га жерге индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Маалымат министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында белгилүү болду. Долбоорго ылайык, аталган борбор «Достук» чек ара өткөрмө аймагынан 800 метр аралыкта жайгашат жана анда кампа имараты, көмөкчү чарбалары бар имарат, унаа токтоочу жай, трансформатордук подстанциянын курулуштары каралган. Бул багытта