акыркы жаңылыктар

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды

Кыргызстанда Глобалдуу акча жумалыгы башталды. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.  Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 15-мартынан тартып 25-март күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында өтө турган «Каражатыңды планда, өз келечегиңе кам көр» деген ураан менен Глобалдуу акча жумалыгы өтөт, анын алкагында Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансылык

Түркияга чогулган жардамдын көлөмү 104.3 млн сомдон ашты

Түркияга чогулган жардамдын көлөмү 104.3 млн сомдон ашты

2023-жылдын  15-мартына саат 10.00 Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 104.3 млн сомго толукталды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат. Банк: «Айыл Банк» ААК ИНН: 01803199710084 БИК: 135001

Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров 15-16-мартта Анкара шаарына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттеринин Уюмуна (ТМУ) катышуучу-өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Саммитинин кезексиз жыйынына катышат.  Уюмдун мамлекет башчыларынын кезексиз жыйынынын темасы – «Кырсыктарды башкаруу жана гуманитардык жардам».  Тараптар табигый жана техногендик коркунучтардан

«Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» - президент Бөлтүрүктүн иши тууралуу

«Уурулук, ашыкча ысырапчылык болбосун, таза иште» - президент Бөлтүрүктүн иши тууралуу

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн иши тууралуу жооп кайтты. Анын айтымында, ишканада алтын жагынан эч ким бир грамм да уурдай албайт. Көзөмөл системасы жакшы коюлган. Ал эми акча жагынан уурулуктар болгон. «Бул эми адамдык фактор. «Кумтөрдү» иштетиш үчүн күйүүчү май, автотетиктерди, алтын

2023-жылдын эки айында контрабанда менен күрөшүү бюджетке 56.3 млн алып келди

2023-жылдын эки айында контрабанда менен күрөшүү бюджетке 56.3 млн алып келди

2023-жылдын январь, февраль айларында Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы тармагында укук бузуулардын жана кылмыштардын 775 фактысы аныкталган. Бул тууралуу мекеме билдирди. Маалыматка ылайык, аныкталган фактылардын ичине төмөнкүлөр кирген: * укук бузуулар боюнча 736 иш козголуп, аны кароонун натыйжасында 5.1 млн сом өлчөмүндө айыптар өндүрүлүп, 14.5 млн

Бишкекте №20 бала бакчада реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкекте №20 бала бакчада реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкекте капиталдык курулуш башкармасы №20 балдар бакчасын реконструкциялоодо. Бул тууралуу мэрия билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакча Нарвская, 74 дарегинде жайгашкан. Бүгүнкү күндө иштердин 57% аяктады. Терезелерди орнотуу, имараттын профилин өзгөртүү жана ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ошол эле учурда бакчанын аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер улантылууда. Бала бакча 130 балага ылайыкталган.

«Кыргызиндустрия» пластик түтүктөрүн чыгаруу боюнча долбоорду ишке киргизди

«Кыргызиндустрия» пластик түтүктөрүн чыгаруу боюнча долбоорду ишке киргизди

«Кыргызиндустрия» ААК ПВХ түтүктөрдү чыгаруу боюнча долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Маалыматтка ылайык, ПВХ түтүктөрдү (канализациялык түтүктөр) жана таза суу үчүн түтүктөр чыгаруу боюнча «Кыргызпластик» ЖЧК түзүлүп, өз ишин баштады. «Кыргызиндустрия» ААКнын колдоосу менен бул ишкана чийки зат сатып алып, жабдууларын жаңылоого жетишти. Компания азыр 25

Өзбекстан менен биргелешкен заводдо июлдан баштап автоунаалардын чогултуусу башталат

Өзбекстан менен биргелешкен заводдо июлдан баштап автоунаалардын чогултуусу башталат

Кыргызстан менен Өзбекстан июль айынан тартып автоунаа чыгарууну. Бул тууралуу отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча ЖКнын комитетинде экономика министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди. Kaktus.media басылмасы такатгандай, буга чейин эки өлкөнүн президенттери июлда завод ишке кирет деп макулдашкан. Буга байланыштуу департамент шашылыш түрдө бул

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун мурунку башчысы кармалды

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун мурунку башчысы кармалды

Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 2017-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары акча каражаттарды мыйзамсыз которуп беришкендиги аныкталган. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»

Медет Садыркуловдун кызы «Бакай банктын» директорлор кеңешине кирди

Медет Садыркуловдун кызы «Бакай банктын» директорлор кеңешине кирди

«Бакай Банктын» акционерлери 10-мартта өткөн акционерлердин жалпы жылдык жыйынында директорлор кеңешинин курамын тогуз кишиге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды. Такталгандай, Тимур Ибрагимов менен Айжан Садыркулова жетектөөчү кеңештин жаңы курамына киришти. Эске салсак, Ибрагимов банктын негизги акционери жана директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ибрагимовдун уулу.

Кыргызстанда эки жылдын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин 35 жаранына пенсия чектелген

Кыргызстанда эки жылдын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин 35 жаранына пенсия чектелген

2021-жылдан баштап ЕАЭБ мамлекеттеринин 35 жаранына пенсия чектелген. Анын ичинен 32 жаран – россиялыктар, 3 жаран Казакстандан. Бул тууралуу Соцфонд билдирди. Такталгандай, пенсиялар 2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ бирликтин мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуусунун негизинде чектелген. Макулдашууга ылайык, пенсиялык укуктарга Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

«Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу жараяны башталды

«Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу жараяны башталды

2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди. Мурда КР жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу (КР менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо). Бул үчүн чет өлкөлүк жаран