«Кыргызиндустрия» пластик түтүктөрүн чыгаруу боюнча долбоорду ишке киргизди

«Кыргызиндустрия» пластик түтүктөрүн чыгаруу боюнча долбоорду ишке киргизди

«Кыргызиндустрия» ААК ПВХ түтүктөрдү чыгаруу боюнча долбоорду ишке киргизди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматтка ылайык, ПВХ түтүктөрдү (канализациялык түтүктөр) жана таза суу үчүн түтүктөр чыгаруу боюнча «Кыргызпластик» ЖЧК түзүлүп, өз ишин баштады.

«Кыргызиндустрия» ААКнын колдоосу менен бул ишкана чийки зат сатып алып, жабдууларын жаңылоого жетишти.

Компания азыр 25 адамды иш менен камсыздап, келечекте иш орундардын санын 50гө чейин көбөйтүү пландалып жатат. Өндүрүштүн жылдык көлөмү 1 100 тоннаны түзөт. «Кыргызпластик» ЖЧК  Бишкек ЭЭЗдин аймагында жайгашкан.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто миңден ашык окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда

Ошто миңден ашык окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда

Ош шаарынын Сары-Зоо тилкесинде жаңы заманбап мектептин курулушу жүрүп жатат. Долбоор Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Каржылоо мамлекеттик казынадан каралган. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Башкы планга ылайык, мектептин жалпы аянты 4215 чарчы метрди түзүп, имарат 5 блоктон турат. Курулуш иштеринде бардык техникалык

Күйүүчү майга болгон салыкты азайтуу сунушталды

Күйүүчү майга болгон салыкты азайтуу сунушталды

Кыргызстанда бензин менен дизелдин баасын кымбаттатпай кармоо үчүн салыктарды убактылуу азайтуу сунушталды. Министрлер кабинетинин долбоору коомдук талкууга чыкты. Маалыматка таянсак,  15-майдан 30-сентябрга чейин Аи-92 бензинине кошумча нарк салыгын 8% чейин түшүрүү сунушталууда. Ал эми дизелдик күйүүчү майга аны таптакыр эле жоюп салуу каралууда. Мындан тышкары, бензинге болгон акциз салыгын да

Ири ГЭСтерде кышка даярдык жүрүүдө

Ири ГЭСтерде кышка даярдык жүрүүдө

Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон жана Күрп-Сай гидроэлектр станцияларында комплекстүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Таш-Көмүр ГЭСинде №3 гидроагрегатты, күч трансформаторлорун жана жогорку чыңалуудагы жабдууларды оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жана коммутациялык жабдуулардын техникалык тейлөөсү аткарылууда. Шамалды-Сай ГЭСинде №1 трансформаторду жана жогорку чыңалуудагы өчүргүчтү пландуу

УКМКнын 22 кызматкери ар кандай кылмыштарга шектелип кармалган

УКМКнын 22 кызматкери ар кандай кылмыштарга шектелип кармалган

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин системасында тазалоо иштери жүрүп, учурда 22 мурдагы кызматкер ар кандай кылмыштарга шектелип кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу атайын кызматтын төрагасынын орун басары Алишер Эрбаев парламент жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, кармалгандардын айрымдары тергөө абагында болсо, кээ бир кызматкерлер үй камагында. УКМК мыйзамсыз аракеттерге жол берген кызматкерлерден тазалануу