акыркы жаңылыктар

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун мурунку башчысы кармалды

Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунун мурунку башчысы кармалды

Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун башкаруу боюнча дирекциясынын башчысы кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, 2017-жылы Ысык-Көл районунун Ананьево айылына футбол аянтчасын куруп жаткан курулуш компаниясына өнүктүрүү фондунун кызмат адамдары акча каражаттарды мыйзамсыз которуп беришкендиги аныкталган. Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу»

Медет Садыркуловдун кызы «Бакай банктын» директорлор кеңешине кирди

Медет Садыркуловдун кызы «Бакай банктын» директорлор кеңешине кирди

«Бакай Банктын» акционерлери 10-мартта өткөн акционерлердин жалпы жылдык жыйынында директорлор кеңешинин курамын тогуз кишиге чейин көбөйтүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды. Такталгандай, Тимур Ибрагимов менен Айжан Садыркулова жетектөөчү кеңештин жаңы курамына киришти. Эске салсак, Ибрагимов банктын негизги акционери жана директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ибрагимовдун уулу.

Кыргызстанда эки жылдын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин 35 жаранына пенсия чектелген

Кыргызстанда эки жылдын ичинде ЕАЭБ мамлекеттеринин 35 жаранына пенсия чектелген

2021-жылдан баштап ЕАЭБ мамлекеттеринин 35 жаранына пенсия чектелген. Анын ичинен 32 жаран – россиялыктар, 3 жаран Казакстандан. Бул тууралуу Соцфонд билдирди. Такталгандай, пенсиялар 2021-жылдын 1-январынан тартып ЕАЭБ бирликтин мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсиялык камсыздоо жөнүндө макулдашуусунун негизинде чектелген. Макулдашууга ылайык, пенсиялык укуктарга Кыргызстандын, Казакстандын, Россиянын, Армениянын жана Беларусиянын жарандары эмгекчилер болуп саналат.

«Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу жараяны башталды

«Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу жараяны башталды

2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди. Мурда КР жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу (КР менен чектеш мамлекеттердин жарандарын кошпогондо). Бул үчүн чет өлкөлүк жаран

«Керемет банктын» иши боюнча Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги кармалды

«Керемет банктын» иши боюнча Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги кармалды

«Росинбанк» ААКсынын (азыркы учурда “Керемет банк”) акцияларынын контролдук пакетин негизсиз сатып алуу боюнча кылмыш ишинин алкагында Улуттук банкынын мурдагы жетекчилигинин мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Маалыматка ылайык, Улуттук банкынын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары «Ж.Н.» жана «Т.А.» ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү «С.А.» жана «С.Н.

Жалал-Абадда өрт өчүрүүчү автоунаалардын 85% жаңыланды

Жалал-Абадда өрт өчүрүүчү автоунаалардын 85% жаңыланды

Жалал-Абад облусунун ӨКМнин башкармалыгынын өрт өчүрүүчү автоунаалардын 85% жаңыланды. Бул тууралуу министрлик билдирди. Маалыматка ылайык, райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнө 16 даана HOWO жана 10 даана KAMAZ жаңы заманбап өрт өчүрүүчү авто унаалар алынып келинди. Облус аймагындагы өрт кырсыгын алдын алуу максатында алынып келген техникалар алдыдагы күндөрү облус туругундары

Жерүйдө кызматкерлердин 97% - кыргызстандыктар

Жерүйдө кызматкерлердин 97% - кыргызстандыктар

«Альянс Алтын» компаниясында 822 кызматкер иштейт. Алардын ичинен 3% гана чет элдик жарандар (23 адам). Ал эми 291 кызматкер (35%) – башка региондордун тургундары, 508 кызматкер (62%) – Бекмолдо айыл өкмөтүнөн. * Ошондой эле окуудан Талас облусунан 361 адам өткөн. * Алардын ичинен 216 адам жумушка орношкон. *

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору бекитилди

«Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоору бекитилди

2023-жылы айыл чарба иштерин өз убагында жүргүзүүдө республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорун бекитти. Минкабдын чечими тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Финансы министрлиги менен «Айыл банк» жана «РСК банк» ААК ортосунда «Айыл чарбасын каржылоо-11» долбоорун ишке ашырууга катышуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Бардык

Түркия жарандарына жардам үчүн 103.8 млн сом чогулду

Түркия жарандарына жардам үчүн 103.8 млн сом чогулду

2023-жылдын 14-мартына саат 10.00 Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 103.8 млн сомго толукталды. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат. Банк: «Айыл Банк» ААК ИНН: 01803199710084 БИК: 135001

Кыргызстанда Iman ислам инвестициялык банкы түзүлүшү мүмкүн – долбоорго $30 млн керек

Кыргызстанда Iman ислам инвестициялык банкы түзүлүшү мүмкүн – долбоорго $30 млн керек

Кыргызстанда Iman ислам инвестициялык банкын түзүү пландалууда. Бул тууралуу 13-мартта Ислам бизнес жана инвестициялык корпорациясынын (IBIC) вице-президенти Валентин Добрынин Ислам инвестициялык бизнес форумунун жүрүшүндө билдирди. Анын айтымында, долбоордун алкагында КРда биринчи ислам банкын түзүү пландаштырылууда. Анткени, учурда өлкөдө шарият эрежелери боюнча гана иш алып барган бир дагы банк жок. «КР

Кыргызстандык өндүрүүчүлөр инвесторлор үчүн халал продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурушту

Кыргызстандык өндүрүүчүлөр инвесторлор үчүн халал продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурушту

Кыргызстандан келген өндүрүүчүлөр Жакынкы Чыгыштан келген инвесторлорго тартуулоо үчүн Бишкекте халал продукцияларынын көргөзмөсүн уюштурушту. Иш-чара IBIF-2023 Ислам инвестициялык бизнес форумунун алкагында өттү. Кыргызстандын 20дан ашык ири өндүрүүчүлөрү кургатылган жемиштерди, жаңгактарды, эт азыктарын, буурчак өсүмдүктөрүн, улуттук суусундуктарды, кийизден жасалган буюмдарды тартуулашты. Ошондой эле ата мекендик туроператорлор конокторго Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрү туурал

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Кыргызстанда 2026-жылга чейин бизнести өнүктүрүү программасы кабыл алынды

Министрлер кабинети 2026-жылга чейин бизнестин өнүктүрүү программасын кабыл алды. Бул тууралуу Экономика министрилиги билдирди. Программа жаңы чакырыктарды эске алуу менен бизнести туруктуу өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттин жана жеке сектордун чараларынын жана демилгелеринин жыйындысы болуп саналат жана төмөнкүлөргө багытталган: * 2026-жылга карата дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүк индексинин рейтингинде КР көрсөткүчтөрүнө 10 позицияга жетишин камсыз