Бизнес
Ошто индустриалдык-логистикалык паркы ачылат
Президент Садыр Жапаров Ош шаарына жана Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кара-Суу районундагы курулуп жаткан «ЕвроАзия ГРУПП» индустриалдык-логистикалык паркына барды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын администрациясы билдирди. Мамлекет башчысына объекттин аянты 5 гектарды түзөрүн маалымдашты. Жер ички инвесторлорго колдоо көрсөтүү жана аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүү максатында конкурстук негизде мамлекет тарабынан бөлүнгөн.