Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks
Кантип 5 мүнөттө кредит алууга болот

Кантип 5 мүнөттө кредит алууга болот

Жашоодо кошумча акча каражат керек болгон учурлар көп кездешет. Мисалы шашылыш ремонт жасоо, кандайдыр бир техника же өзгөчө майрамга белек сатып алуу керек болот. Андай учурларда кредитти тариздөөгө же банкка барууга убакыт короткуӊ келбейт. Мындай шартта керектүү сумманы бир нече мүнөттө алууга мүмкүндүк берген онлайн-кредиттер жардамга келет. «Компаньон» мобилдик тиркемесинен

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Жашоодо кошумча акча каражат керек болгон учурлар көп кездешет. Мисалы шашылыш ремонт жасоо, кандайдыр бир техника же өзгөчө майрамга белек сатып алуу керек болот. Андай учурларда кредитти тариздөөгө же банкка барууга убакыт короткуӊ келбейт. Мындай шартта керектүү сумманы бир нече мүнөттө алууга мүмкүндүк берген онлайн-кредиттер жардамга келет.

«Компаньон» мобилдик тиркемесинен 5 мүнөт ичинде күрөөсүз жана кепилдиксиз, бир айдан 24 айга чейинки мөөнөткө кредит алууга болот. Эгерде сиз кредитти эрте төгүп кутулгуӊуз келсе, анда аны эч кандай айып пул төлөбөй ишке ашыра аласыз.

«Компаньон» мобилдик тиркемесинин алыстан идентификациядан өткөн колдонуучулары 15 000 сомго чейин кредит ала алышат. Ал эми банктын бөлүмдөрүнүн биринен идентификациядан өткөн «Компаньон» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары үчүн, анын ичинде Банктан кайталап насыя алган кардарларга 200 000 сомго чейин жана жаӊы кардарлар үчүн 1000 сомго чейинки кредиттер жеткиликтүү.

Нускама: үйдөн чыкпай кантип насыя алууга болот

•  «Компаньон» тиркемесин Google Play же AppStore аркылуу акысыз көчүрүп алыӊыз;

•  каттоодон жана идентификациядан өтүӊүз;

•  тиркемени ачыӊыз жана башкы беттен «Кредиттер» >  «Кредит алуу» бөлүмдөрүн тандаӊыз;

•  кредит алуунун шарттары менен таанышыӊыз;

•  идентификациялоо жол-жобосунан өтүӊүз;

•  керектүү сумманы жана мөөнөттү тандаӊыз;

•  система сураган жеке маалыматтарды толтуруӊуз;

•  оперативдүү кароону күтүӊүз. Өтүнмөлөрү 24\7 каралат;

•  кредит келишими менен таанышыӊыз жана кол коюӊуз.

Жактыруудан кийин кредит «Компаньон» тиркемесинин балансына которулат.

Кредитти «Компаньон» тиркемесинин өзүнөн, ошондой эле төлөм терминалдарынан, Кыргызстандын башка банктарынын жана уюлдук операторлорунун мобилдик тиркемелеринен төлөй аласыз. Белгилей кетсек, «Компаньон» тиркемесин, Компаньон банктын эсептерин толуктоо, анын ичинде кредиттерди төлөө өлкөнүн дээрлик бардык терминалдары жана электрондук капчыктары аркылуу КОМИССИЯСЫЗ жүргүзүлөт. 

Алынган акча каражаттарын банктын кеӊселеринен же Компаньон Банктын Агенттеринен накталай алууга болот. Эгерде сизде Компаньон Банктын картасы бар болсо, анда акча каражатыӊызды өлкөдөгү бардык банктардын банкоманттарынан акысыз ала аласыз. 

Толугураак маалыматты www.kompanion.kg расмий сайтынан же Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 телефон номери (мобилдик операторлордон чалуу акысыз) же WhatsApp 0 770 33 88 00 номери аркылуу сурап билүүгө болот.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More