«Тазалык» 200 млн сомго жаңы техника сатып алат
2022-жылдын декабрь айында мэрия тарабынан 200 млн сом бөлүнүп, 29 техника сатып алуу боюнча келишимдер түзүлгөн. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалитеттик мекеменин директору Рамиз Алиев билдиргенин 24.kg маалымдады. Алиевдин айтымында, техникалар марттын аягында келип калат. Акыркы жолу техникалар 2015-жылы кредиттик каражатка алынган. “Алар беш-жети жыл бузулбай жакшы иштейт, бирок тынымсыз