ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тамак-аш азыктарын маркировкалоого өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда

КР Айыл чарба министрлиги ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тарабынан «Тамак-аш азыктарын маркировкалоо жөнүндө» (ТР ТС 022/2011) техникалык регламентине өзгүртүүлөрдү киргизүү сунушталып жактандыгын маалымдады.

Бул өзгөртүүлөр уюмдун же жеке ишкердин жайгашкан ордунун (шаарлардын, облустардын, көчөлөрдүн) аты өзгөргөн учурда продукцияны сатууга жана жүгүртүүгө жол берүү бөлүгүнө тийиштүү.

Тактап айтканда, продукциянын жарактуу мезгили бүткөнгө чейин жана шайкештикти баалоо жөнүндө документтердин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин сатууну жана жүгүртүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүн.

Бул өзгөртүүлөр канатуулардын этинен жасалган балдар азыктарынын айрым түрлөрүн үчүн, атап айтканда, колбасалардагы нитриттердин курамы 150 мг/кг – 30 мг/кг чейин, ал эми ниторосаминдердин курамы 0.002 мг /кг –  0.001 мг/кг чейин нитриттердин, нитраттардын жана нитрозоаминдердин  (суммасы НДМА жана  НДЭА) көрсөткүчтөрүн корректировка бөлүгүнө тийиштүү.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Сахароводогу убактылуу кармоочу борбордо 189 кыргыз жараны бар

Кыргызстанда курьер-аялдарды колдоо программасы иштей баштады

Асыл тукум мал үчүн 200дөн ашык фермерге 3%дык насыя берилди

ЕРӨБ баяндамасы: КРнын банк сектору бекемделди, мамлекеттик башкарууда тобокелдиктер бар

Бишкек ЖЭБ бир суткада канча энергия өндүрө алды?