акыркы жаңылыктар

Кыргызстандын ИПДсы 3.9%га өстү

Экономика

Кыргызстандын ИПДсы 3.9%га өстү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ИПДнын көлөмү алдын ала баалоо боюнча 453 млрд сомдон ашыкты түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3.9%га көбөйдү. Бул тууралуу Статистика комитети билдирди. 2023-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 207 млрд сомду түздү жана 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндөгү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары

Жалал-Абадда мыйзамсыз алынган 430 млн сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды

Саясат

Жалал-Абадда мыйзамсыз алынган 430 млн сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды

Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 млн сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. Такталгандай, иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын

Эскертүү! Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы поезд 17-июлдан тарта күнүгө жүрө баштайт

Коом

Эскертүү! Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы поезд 17-июлдан тарта күнүгө жүрө баштайт

2023-жылдын 17-июлунан 31-августка чейин «Бишкек-2 - Балыкчы» багытындагы жүргүнчү поезди күнүгө каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» эскертти. Маалыматка ылайык, кетүү – келүү төмөнкү убакытта аткарылат: № 608 «Бишкек-2 - Балыкчы» поезди «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, «Балыкчы» бекетине саат 11:46да жетет. № 609 «Балыкчы – Бишкек-2» поезди «Балыкчы» бекетинен саат

Бишкекте 30 млн сомдук бассейн курулат – долбоор МЖӨ аркылуу ишке ашырылат

Гранттар жана кредиттер

Бишкекте 30 млн сомдук бассейн курулат – долбоор МЖӨ аркылуу ишке ашырылат

Борбор калаанын мэриясы КРнын триатлон Федерациясы менен 69 мектеп-гимназиянын бассейнин капиталдык оңдоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө келишимге кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, оңдоо иштери жакында башталат.Иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүү пландаштырылууда: суу берүү жана чыпкалоо системасын, душ, чечинүүчү жайларды, машыктыруучу, административдик жана техникалык жайларды оңдоо жана

Донорлордун жардамы менен 60 миңден ашуун бак-дарактарды отургузуу долбоору башталды

Гранттар жана кредиттер

Донорлордун жардамы менен 60 миңден ашуун бак-дарактарды отургузуу долбоору башталды

Донорлордун жардамы менен 60 миңден ашуун бак-дарактарды отургузуу долбоору башталды. Маалыматка ылайык, долбоорду Ага Хан Фонду жана MSDSP KG КФсы колдоду. Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарында 60 миңден ашык бак-дарактарды отургузуу жана коргоо боюнча долбоорду башталды. Долбоор жергиликтүү тургундар жана мамлекеттик мекемелер менен биргеликте ишке ашырылып, өлкөбүз үчүн уникалдуу.

Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылды

Саясат

Улан-Батордо Кыргызстандын элчилиги ачылды

Бүгүн, 11-июлда, Улан-Батор шаарында Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Эске салсак, буга чейин мамлекет башчысы Айбек Артыкбаевди Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси кылып дайындаган. Салтанатка Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев, Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн катышты.

Япониянын кайрымдуулук фонду Ысык-Көлдүн билим берүү тармагына жардам берүүгө даяр

Гранттар жана кредиттер

Япониянын кайрымдуулук фонду Ысык-Көлдүн билим берүү тармагына жардам берүүгө даяр

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов Япониянын кайрымдуулук фондунун башкы директору Юма Мурануши жана «Юмехаши» жоопкерчили чектелген коомдун башкы директору Масахиро Курихараны кабыл алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди. Япониянын кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү Ысык-Көл облусуна болгон сапарынын алкагында Жети- Өгүз районунда болушуп, мектепке чейинки, мектеп, саламаттыкты сактоо тармактарындагы көйгөйлөрдү

Мраморное айылында ФАПтын курулушу башталды – сметалык баасы 19 млн сомду түздү

Коом

Мраморное айылында ФАПтын курулушу башталды – сметалык баасы 19 млн сомду түздү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл өкмөтүнүн Мраморное айылында фельдшердик-акушердик пункттун имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирди. Облустун башчысы Канат Жумагазиевдин айтымында, Мраморное айылынан 1.5 гектар жер бөлүнүп, 19 млн сомдук эки кабаттуу ФАПтын курулушу башталды «Иш 100% жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Фельдшердик-акушердик пункттун аянты 295.

Фермерлер 11.2 млрд сомго лизинг жолу аркылуу техника алышты

Экономика

Фермерлер 11.2 млрд сомго лизинг жолу аркылуу техника алышты

Бүгүнкү күнгө карата бардыгы болуп 11.2 млрд сомго 5 295 даана техника лизинг жолу аркылуу дыйкандарга берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Такталгандай, 2023-жылдын эсебинен 1.9 млрд сомго 543 техника берилди. Эске салсак, техника лизингге "Айыл банк" аркылуу берилет.

Кайрымдуулук фонд Красная-Речка айылында суу мунарасын курууга жардам берди

Коом

Кайрымдуулук фонд Красная-Речка айылында суу мунарасын курууга жардам берди

Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында суу мунарасы ачылды. Бул тууралуу Чүй облусундагы өкүлчүлүк билдирди. Маалыматка ылайык, долбоор  «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду аркылуу ишке ашырылды. Ачылыш иш-чарасына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

2023-жылдын 1-кварталында Кумтөрдүн кирешеси 36.9 млн доллар түздү

Экономика

2023-жылдын 1-кварталында Кумтөрдүн кирешеси 36.9 млн доллар түздү

2023-жылдын 1-кварталында Кумтөрдүн кирешеси 36.9 млн доллар түздү. Бул тууралуу ишкана билдирди. Ишкана билдиргендей, жарым жыл ичиндеги ишмердүүлүк боюнча отчеттук маалымат жакын арада берилет.

Салыкчылар 7 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алды

Бизнес

Салыкчылар 7 миңден ашык бөтөлкө алкоголь тартып алды

Салык кызматынын кызматкерлери алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөрдүн бири тарабынан идиштин сыйымдуулугуна дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголдук продукцияны жөнөтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди. Бул тиешелүү салыктарды төлөөдөн качууга алып келиши мүмкүн. «Пшеничная» аталышындагы сыйымдуулугу 0.07 литрлик 7 миң 193 даана аракка 0,05 литр көлөмүнө