Бишкек мэриясы кичиавтобустарга GPS-трекерлерин орнотууну тапшырды - маршруткалар жакында жоголбойт
Кичиавтобустарга GPS-трекерлерин орнотууну жана шаарда маршруткалардын санын көбөйтүү сунушталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде Бишкек шаарынын коомдук транспортун тейлеген ташуучу ишканалардын жетекчилери менен кеңешме болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө каттамга чыгууну көбөйтүү, кичиавтобустарга GPS-трекерлерди орнотуу жана айдоочулардын арасында маданиятты, этиканы сактоо маселелери