Кыргызстанга келчү германиялык инвесторлорго мамлекеттин кепилдиги маанилүү - Умбриэль Темиралиев

Кыргызстанга келчү германиялык инвесторлорго мамлекеттин кепилдиги маанилүү - Умбриэль Темиралиев

Улуттук инвестициялык агенттиктин жетекчиси Умбриэль Темиралиев Европага болгон иш сапарынын жыйынтыктары менен бөлүшүп, анда Кыргызстан менен иштешүүгө кызыкдар болгон германиялык инвесторлор үчүн мамлекет тарабынан келишимдик милдеттенмелердин кол тийбестиги жана саясий туруктуулук маанилүү экенин билдирди.

Темиралиев Италия жана Германияда 10 күндүн ичинде 14 жолугушуу өткөрүп, 8 шаарда болуп, КРга кызыкдар ири ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөнүн айтат.

Ошондой эле ал сапарынын жыйынтыгы менен өзүнүн Фейсбук баракчасында мындай деп жазат:

  1. Кыргызстан Германия менен жигердүү ишкер байланыш түзүшү керек, анткени немис компаниялары инженерия, өндүрүш жана IT технологиялар боюнча чоң тажрыйба топтошкон. Немис компанияларынын каалаган инвестициясы акча менен бирге керектүү билимди жана тажрыйбаны алып келет. Немистер жапондор сыяктуу эле өз ишмердүүлүгүн 20-50 жылга пландаштырышат, дал ушул себептен жергиликтүү кадрларды тарбиялоого салым кошууга даяр, өлкөдөгү гана эмес, бүтүндөй региондогу бардык экономикалык жана саясий өнүгүүлөр эске алынат. Бизге биринчи кезекте энергетика, кайра иштетүү, жеңил өнөр жай жана айыл чарба тармагында германиялык инвестиция жана алардын технологиялык чечимдери керек.
  2. Узакка даярданат, жай жүрөт, бирок туруктуу алдыга жылат. Немис компаниялары узак мөөнөткө пландаштырышат, бирок кичинекей кадамдардан башташат. Мисалы, Knauf Өзбекстандын рыногуна 15 млн евро инвестицияларынын баштапкы көлөмү менен кирген, аны 3-4 жылдын ичинде 80 млн еврого жеткирди.
  3. Мен ачыгын жазып жатам: Германиялык компаниялар үчүн оюндун так эрежелери, мамлекет тарабынан келишимдик милдеттенмелердин кол тийбестиги жана саясий туруктуулук маанилүү.
  4. Германия биздин жаңгактарга, кургатылган жемиштерге, топоздун этине, балга туруктуу суроо-талапка ээ чоң базар. Бирок, кыргыз товарларынын жолундагы негизги тоскоолдук – бул биздин продукциянын коопсуздугунун далили (сапат жана коопсуздук стандарттары).

Ошондой эле инвестициялык агенттик германиялык компаниялар менен макулдашууларынын жыйынтыктары менен бөлүштү:

  1. Алдыңкы Wessling компаниясы менен бирге кургатылган жемиштерди, этти жана андан кийин балды сапат жана коопсуздук стандарттарынын бардык аспектилери боюнча сыноо үчүн лабораторияны түзүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө макулдашуу болду. Ата мекендик продукцияларды Европанын жана өнүккөн өлкөлөрдүн рыногуна жеткирүүдөгү негизги “тоскоолдук” ата мекендик лабораториянын жоктугу болуп саналат, эл аралык стандарттарга ылайык, бул “Европага болгон терезе”.
  2. Knauf КРын түштүгүндө өзүнүн продукциясынын ассортиментин чыгаруучу ишкана ачууга кызыкдар. Учурда алар менен бул багытта активдүү иш алып баруудабыз.
  3. Жасалма интеллект элементтерин колдонуу менен автоунаалардын кыймылын автоматташтыруу менен алектенген Staff-Eye Group немис компаниясы медициналык калдыктарды кайра иштетүү өндүрүшүн баштоого жана колдонулган дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүгө кызыкдар. Бул адамдардын ден соолугуна жана Кыргыз Республикасын таштандыдан жана түтүндөн тазалоого чоң салым кошот.
  4. КРга кызыкдар бардык немис компанияларынын, ошондой эле Германия менен бизнес жүргүзүүнү каалаган атамекендик компаниялардын катышуусу менен болжолдуу Мюнхен шаарында өтө турган экинчи Герман-Кыргыз Ишкер кеңешинин өткөрүү күнүн талкууладык жана макулдаштык.
  5. Биз ата мекендик компаниялардын кызматкерлерин Германиянын ишканаларына стажировкага жиберүүнү, ошондой эле биздин фермерлерди GLOBAL GAP менен окутуу долбоорун ишке киргизүүнү талкуулап, макулдаштык.

Мындан тышкары окуңуз

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы