акыркы жаңылыктар

«Демирбанк» УКМКнын буйругу менен «Азаттыктын» эсебине бөгөт койду

«Демирбанк» УКМКнын буйругу менен «Азаттыктын» эсебине бөгөт койду

“Азаттык Медиа” мекемеси “Демирбанктагы” эсебине бөгөт коюлганына байланыштуу банктан расмий түшүндүрмө сурап кайрылды. Бул тууралуу “Азаттык” билдирди. “Демирбанк” “Азаттыктын” эсебине бөгөт коюлганын 31-октябрда билдирген. Банктын өкүлдөрү бул тууралуу телефон аркылуу оозеки ырастап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) билдирме алышканын айтышкан. “Азаттык Медиа” ошол эле учурда УКМКга дагы мекеменин банктагы

Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок - биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды

Ошто таза суу көйгөйү ордунан жылган жок - биринчи жарыяланган тендер жараксыз деп табылды

Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүн курууга экинчи жолу кайрадан тендер жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди. Мэриянын берген маалыматына таянсак, биринчи жолу жарыяланган тендер катышуучу компаниялар квалификациялык талаптарга жооп бербегендиктен жараксыз деп табылган. Учурда “Данги” участкасындагы башкы суу алуучу жайды жана Ош шаарындагы таза суу түтүктөрүн курууга

Октябрь айында өлкөдөгү жылдык инфляция 14.9%ды түздү

Экономика

Октябрь айында өлкөдөгү жылдык инфляция 14.9%ды түздү

КРда 2022-жылдын 21-октябрына карата маалыматтар боюнча жылдык инфляция ушул эле жылдын сентябрь айындагы 15.5%дан төмөндөп 14.9%ды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 2022-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы боюнча КРда ИДӨ боюнча реалдуу өсүш өткөн жылдагы төмөн базанын таасиринен улам 7.2%ды түзгөн. Кыйла жогорку өсүш арым

Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды - жыл башында 8.5% болчу

Улуттук банк эсептик ченди 14% деңгээлинде калтырды - жыл башында 8.5% болчу

Улуттук банк Башкармасы 2022-жылдын 31-октябрында эсептик ченди (негизги ченди) 14% деңгээлинде сактоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу регулятордун маалымат кызматы билдири. Чечим 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып күчүнө кирет. Белгилей кетсек, Улуттук банк эсептик ченди көтөрүү менен сомдун наркын көтөрөт, жыйынтыгында, коммерциялык банктар да пайыздарын көтөрүүгө аргасыз болот. Жөнөкөй тил менен айтканда,

Кемпир-Абад маселеси комитетте жабык каралып, жыйынтыгында долбоорду депутаттар колдоп беришти

Кемпир-Абад маселеси комитетте жабык каралып, жыйынтыгында долбоорду депутаттар колдоп беришти

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кечээ, 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырып, колдоп беришти. Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров менен Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишкен. Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров

Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду

Экономика

Уставдык капиталы 100 млн доллар болгон БАЭ менен биргелешкен холдингдик компания түзүүгө кол коюлду

Президент Садыр Жапаров менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, Кыргызстанда Биргелешкен холдингдик компания түзүү жөнүндө эки тараптуу макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Абу-Даби Өнүктүрүү фонду менен 1 млрд 200 млн долларына чейинки ар кандай коммерциялык өнүктүрүү долбоорлорун

Кыргызстан дүйнөдөгү электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли рейтингинде 81-орунду ээледи

Кыргызстан дүйнөдөгү электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли рейтингинде 81-орунду ээледи

Кыргызстан БУУ тарабынан мониторинг жүргүзүлгөн 193 өлкөнүн арасынан E-Government Development Index (электрондук өкмөттүн өнүгүү деңгээли) рейтингинде 81-орунга жайгашты. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди. Кыргызстандагы санариптештирүүнүн деңгээлинин динамикалык өсүүсү акырындан уланууда. 2022-жылды 2014-жыл менен салыштырганда, өлкө 20-позицияга жогору көтөрүлгөн. “Азыркы учурдун EGDI рейтингиндеги Кыргызстандын бул көрсөткүчү эң мыкты көрсөткүч болуп

АӨБ Баткенге жардам берүү үчүн 3 млрд сом берет - ратификацияга чейин эле элге акча убада кылынган

Гранттар жана кредиттер

АӨБ Баткенге жардам берүү үчүн 3 млрд сом берет - ратификацияга чейин эле элге акча убада кылынган

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) кыргыз-тажик куралдуу кагылышуудан кийин Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 4 млрд 150 млн сомго жакын) бөлөт. Тиешелүү макулдашуу кечээ, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралды. Финансы министринин орун басары

Казакстан Талас облусунан мал этин ташууга мурда коюлган тыюу салууну алып салды

Казакстан Талас облусунан мал этин ташууга мурда коюлган тыюу салууну алып салды

Казакстандын Айыл чарба министрлигинин Ветеринардык көзөмөлдөө комитети үстүбүздөгү жылдын 1-августунда Кыргызстандын Талас облусунан мал чарба продукциясын, тагыраак айтканда, эт азыктарын алып кирүүгө тыюу салган болчу. 14-октябрда Казакстан аталган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алганын eldala.kz порталы билдирди. “Тыюу салууга Талас облусунда күйдүргү оорусунун очогу катталгандыгы тууралуу Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын

Сот департаменти мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө 5.5 млн сомду «жеп коюшкан» - кайра «кусушту»

Сот департаменти мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө 5.5 млн сомду «жеп коюшкан» - кайра «кусушту»

УКМК КРнын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөндө мыйзамсыз иштеткен 5.5 млн сомду кайра ордуна толук койгонун билдирди. 2020-жылы мамлекеттик органдарды санариптештирүү боюнча мамлекеттик долбоорлордун алкагында республиканын сот системасына жалпы 42 млн 835 миң сомдон ашык суммага техникалар сатылып алынганы такталган. УКМКнын берген маалыматына таянсак, иликтөөнүн

Улуттук банк алтынды сатуудан түшкөн 760 млн долларды доллардын курсун кармап турууга жумшаган

Улуттук банк алтынды сатуудан түшкөн 760 млн долларды доллардын курсун кармап турууга жумшаган

Улуттук банк алтын сатуудан түшкөн каражаттан доллардын курсун кармап турууга жумшады. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Аманкан Кенжебаев билдирди. Анын айтымында, Улуттук банк 19 тонна алтынды 1 млрд доллардан ашык каражатка сатып, андан кийин доллардын курсун кармоо

Өлкөдөгү 453 айыл өкмөттүн 84%ы дотацияда турат

Өлкөдөгү 453 айыл өкмөттүн 84%ы дотацияда турат

Кыргызстанда 453 айыл өкмөттүн 377си же 84%ы дотацияда турат. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди. Жапаров жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин кесиптик майрамы – КРнын жергиликтүү жамааттарынын күнү менен куттуктады. Ал белгилегендей,