Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд сом бөлүндү - бирок КР кышка карата коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын импорттойт
Үстүбүздөгү жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө рекорддук 12 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров экономика тармактары менен калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде айтты. Жыйындын жүрүшүндө Жапаров Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Таалайбек Ибраевди тааныштырып, министрликтин алдында бир катар маанилүү милдеттер турганын белгиледи. “Үстүбүздөгү