Транспорт министри Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолукту
Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ислам өнүктүрүү банкынын Алматы аймактык кеңсесинин башчысы Ибрагим Шукри жана камсыздандыруу операциялары боюнча менеджери Али Хан мырза менен жолугушту. Бул тууралуу министрлик билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Ысык-Көл айланма унаа жолунун 104-184,5-чакырымын реконструкциялоо» долбоору тууралуу талкуулашты. Долбоордун наркы $20 млн түзөт.