Кепилдик фонду тарабынан берилген кепилдик 6 млрд сомдон ашты

Кепилдик фонду тарабынан берилген кепилдик 6 млрд сомдон ашты

Кепилдик фонду 2016-жылдан баштап ишкерлерге 4 718 кепилдик берди. Анын суммасы 6.1 млрд сомдон ашты. Өнөктөш банктар КФ колдоосу менен дээрлик 20 млрд сом өлчөмүндө кредиттерди беришти. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонду тарабынан ишкердик субъекттерине күрөөнүн жетишпеген суммасын жабуу үчүн 804 млн 766 миң сомдон ашык суммага 1 288 кепилдик берилген. Мунун эсебинен ишкерлер 1 млрд 964 миллион 745 миң сом насыя ала алышты.

Берилген кепилдиктердин жалпы санынын 85%ы өлкөнүн аймактарында ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган.

Колдоого алынган тармактарга айыл чарба, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, курулуш, транспорт жана туризм кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Суусамырда мыйзамсыз балык уулоо аныкталды

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй башкармалыгынын инспекторлору Суусамыр өрөөнүндө рейд учурунда балыкты урук чачуу мезгилинде мыйзамсыз уулоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, укук бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 000 сом айып пул салынды. Мындан тышкары суу ресурстарына келтирилген зыян үчүн 2 020 сом доо

Ишкер Media
Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Студенттердин стипендиялары көбөйөт

Президент Садыр Жапаров студенттердин стипендияларынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду. Жарлыкта 2027-жылдын 1-сентябрынан тартып кесиптик башталгыч, орто жана жогорку билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын билим алуучуларына, ошондой эле жогорку окуу жайдан кийинки кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүп жаткан адамдарга төлөнүүчү стипендиялардын өлчөмдөрү жогорулатылсын. Кыргыз Республикасынын 2027-

Ишкер Media
Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды

КРнын Улуттук банкы мыйзам талаптарын жана ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн бир төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салды. Айып пул төлөм уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптары бузулгандыгы үчүн салынган. Мекеме кайсы уюмга айып пул салынганы жана мыйзамдын кайсы талаптары бузулганы тууралуу

Ишкер Media
Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ошто 700 орундуу мектептин курулушу аяктап калды

Ош шаарынын Ишкаван айылында жаңы мектептин курулушу 85%га бүткөрүлдү. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, сметалык наркы 640 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 5613 чарчы метр. Имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн да шарттар каралган. Ичинде заманбап

Ишкер Media