Чет өлкөдөн которулган акчалар сом түрүндө гана берилиши керекпи?
Бүгүн, 8-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында эмне үчүн коммерциялык банктар башка өлкөдөн которулган акчаларды сом менен гана берип жатышкандыгы жөнүндө Улуттук Банктын өкүлдөрүнө суроо берилди. «Эмне үчүн Россиядан которулган акчаларды элдер рубль түрүндө ала албай жатышат?» – деп сурады депутат Жалолидин Нурбаев. «Эгерде Россиядан рубль менен акча которулса, бул жакта рубль түрүндө