Бишкекте эң чоң ololoPlanet креативдүү борбору ачылды

Бишкекте эң чоң ololoPlanet креативдүү борбору ачылды

Тогузунчу ololo креативдүү хабы расмий түрдө 11-февралда Бишкекте ачылды. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы билдирди.

Хабда искусство, IT, бизнес, психология жана өнүгүү, AI, мультимедиа жана коммуникациялар боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.

ololoPlanet – Кыргызстандагы эң ири креативдүү хаб, жалпы аянты – 6000 м2 ашык. Имарат 5 кабаттан турат, алардын ар биринде кеңселер, open space жумуш аянтчалары жана жыйындар залдары жайгашкан.

«Биз, ololo тобу, 2018-жылы имараттын ордунда жер гана болгон этапта анын концепциясын иштеп чыкканыбызга абдан бактылуубуз. Концепция жердин көлөмүнө жана формасына, шаардагы шамалдын көтөрүлүшүнө, транспорт агымдарынын өзгөчөлүктөрүнө жана аймактын курулуштарына, анын ичинде шаардын башкы планына таянып иштелип чыккан. Чындыгында, ololoPlanet – бул бир жердеги беш коворкинг мейкиндиги», – дейт ololo компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү Данияр Аманалиев.

Концепцияны ишке ашырган башкы архитектор Игорь Царик болгон. Ошол эле маалда ички жасалгасын ololo’нун тең негиздөөчүсү Атай Садыбакасовдун жетектөөсү менен үч ар башка дизайн студиялар иштеп чыгышкан.

  • Креативдүү хаб Бишкек шаары, Юнусалиев көчөсү, 80 дарегинде жайгашкан.

ololo компаниялар тобуна Бишкек жана Ош шаарларындагы креативдүү хабдар тармагы, Ысык-Көлдөгү ololoAkJol коворкинг-резорту жана ololoFamily арт-отели, John Galt бизнес акселератору, Liberterra брокеридж кызматтарды көрсөткөн кыймылсыз мүлк боюнча эксперттик компаниясы, ololoEvents агенттиги, ololoMedia digital-агенттиги, WelcomeKG жана ololo creative impact fund кирет.

Мындан тышкары окуңуз

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Үй-бүлө институтун чыңдоо боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды

Министрлер Кабинетинин алдындагы Үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйынында балдарды коргоо жана үй-бүлөнү колдоо багытындагы бир катар маанилүү маселелер каралды. Жыйын Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өттү. Ага мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкекте 1-августтан тарта мыйзамсыз токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкек шаарында 1-августтан тарта жол кыймылынын эрежелерин бузуп токтотулган жана кароосуз калган унааларды аныктоо жана мажбурлап эвакуациялоо боюнча рейддер башталат. Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар Жол кайгуул кызматы менен биргеликте өткөрүлүп, көчө-жол тармагындагы тартипти жакшыртууга багытталат. Рейддердин алкагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого, коомдук транспорт менен ыкчам

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Чүйдө оор жүк ташуучу унааларга көзөмөл күчөтүлдү

Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Бактыбек Молдобаев Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу "Маловодное" жана "Сосновка" транспорттук көзөмөл пункттарына жумушчу сапар менен барды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө жайкы ысык мезгилде автомобиль жолдорун сактоо максатында оор жүк

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Кыргызстандын мөмө-жемиштери Түркиянын рыногуна чыгышы мүмкүн

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланованын катышуусунда Түркиянын ишкерлер делегациясы, Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Чыңгыз Токтобеков жана ата мекендик өндүрүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүү, мөмө-жемиш продукциясынын экспортун көбөйтүү, логистиканы жакшыртуу жана агроөнөр жай тармагындагы