Экономика
Жыл башынан бери экспорттолгон алтындын көлөмү 2 тоннадан ашты
Финансы министрлиги Баалуу металлдар департаменти тарабынан 2023-жылдын 9 айында аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Ведомствонун маалыматына ылайы, бул аралыкта төмөнкү заттарды камтыган баалуу металлдарды экспорттоого мамлекеттик көзөмөл жүргүзүлдү: • рудаларда, концентраттарда: алтын – 597.82 кг, күмүш – 1.3 тонна; • куймаларда: алтын – 2 тонна, күмүш – 717.43 кг; • электрондук платалардын сыныктарында: алтын