
Коом
Ош базарынын аймагындагы башаламан соодага каршы рейд өттү
Ош базарынын аймагында соодагерлердин тротуарларда жана жолдордо башаламан сооданы жүргүзүүгө тыюу салуу боюнча муниципалитеттин бир нече жолу эскерткенине карабай иштеп келишет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Ленин администрациясы тарабынан «Тазалык» МИ, РИИБнын жана МАБдардын кызматкерлери менен биргеликте райондун аймагындагы мыйзамсыз башаламан сооданы жоюу иштери күн сайын жүргүзүлүүдө.