Latest

АРИС Оштун ҮМБнун  8-филиалын оңдоп-түзөө иштерин каржылады

Гранттар жана кредиттер

АРИС Оштун ҮМБнун 8-филиалын оңдоп-түзөө иштерин каржылады

Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун  8-филиалы көп жылдан бери жалпы оңдоп-түзөөдөн өтө элек болчу. АРИС долбоору аркылуу жалпы оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Аткарылган жумуштар менен 23-декабрда министр Алымкадыр Бейшеналиев таанышты.   Жыл соңундагы бул маалымат бир гана жергиликтүү жашоочулардын тейлөөсүнө эмес, жалпы шаар тургундары үчүн да кубанарлык

Эң мыкты студенттерге президенттик стипендиялар тапшырылды

Коом

Эң мыкты студенттерге президенттик стипендиялар тапшырылды

2023-жылдын 23-декабрында, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты 75 студенттерине президенттик стипендияларды тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Президент Садыр Жапаров студенттерге ийгилик жана жетишкендиктерди каалап, президенттик стипендияларды тапшырды.  60 миң сом өлчөмүндө президенттик стипендия төмөндөгүлөргө берилди:  1.        Абдыкадыров Ильгиз Абдимиталович 2.        Айбекова Адэлия Айбековна 3.        Айдарбекова

Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады

Бийлик

Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады

Садыр Жапаров үч мамлекетке жаңы элчилерди дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Такталгандай, Аскар Бешимов Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Шри-Ланкадагы элчиси болуп дайындалды. Анвар Анарбаев Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болду. Ошондой эле Марат Нуралиев Кыргызстандын Катардагы элчиси болуп дайындалды.

Алай районунда мамлекеттик дарыкана ачылды

Коом

Алай районунда мамлекеттик дарыкана ачылды

2023-жылдын 23-декабрдында Алай жалпы медициналык практика борборунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Министр Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө мамлекеттик аптекалар ачыла баштагандан бери алыскы аймактарда мамлекеттик дарыканаларды уюштуруу боюнча калктан көптөгөн кайрылуулар түшкөнүн белгиледи. Эми алыскы Алайдагы жашоочулар дарыларды арзан баада сатып ала алышат.

Депутат Камила Талиева Лейлектеги курулушу бүтүп жаткан мектептен кабар алды

Коом

Депутат Камила Талиева Лейлектеги курулушу бүтүп жаткан мектептен кабар алды

Депутат Камила Талиева иш сапарынын алкагында "Лейлек" орто мектебинин курулушу менен жеринде таанышты.  Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 225 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу 2022-жылдын декабрь айында башталып, алдыдагы күндөрү пайдаланууга берилери күтүлүүдө. Депутат Камила Талиева аймактагы социалдык маселелерди байма-бай парламент трибунасынан көтөрүп, аталган билим уясына республикалык бюджеттен

Депутат Улан Примов Алайдагы мектепке компьютерлерди тапшырды

Коом

Депутат Улан Примов Алайдагы мектепке компьютерлерди тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Алай районунун Гүлчө айылындагы Т.Отунчиев атындагы мектепке барды. Бул тууралуу парламент билдирди. Эл өкүлү мектеп мугалимдеринин буга чейинки суранычын орундатып, 10 даана заманбап үлгүдөгү компьютер жана интерактивдүү досканы мектепке белекке тапшырды. “Эртеңки келечегибиздин ээлери болгон окуучуларыбыз үчүн билим

ИИМ айдоочуларды милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотууну сунуштады

Коом

ИИМ айдоочуларды милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотууну сунуштады

ИИМ айдоочуларды милдеттүү түрдө видеокөзөмөл орнотууну сунуштады. Мыйзам кабыл алынса, ал 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Такталгандай, мыйзамды ИИМ сунуштап, ал Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды. Анда министрлер кабинети тарабынан аныкталган тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана башка транспорт каражаттарынын түрлөрүн кошпогондо бардык автоунааларда жазуучу прибор (видеокаттоо) болушу керектиги белгиленген. Мыйзам

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10.6 млрд куб метрди түздү

Энергетика

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10.6 млрд куб метрди түздү

25-декабрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 10 млрд 622 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” билдирди. Такталгандай, суунун агып келиши секундасына 148 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 621 куб метрди түзүүдө.

Лебединовкада нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Бизнес

Лебединовкада нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Лебединовка айылында мониторингдин жүргүзүштү. Бул тууралуу мекеме билдирди. Мониторинг учурунда 280 граммдык тандыр наны 30 сомдон же болбосо белгиленген баадан 2 сомго чейин кымбат сатылып жаткандыгы аныкталды. Жыйынтыгында Укук бузуулар Кодексинин 290-беренесинин негизинде 3000 сом айып пул салынды. Чүй облустук бөлүмүнүн

Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды

Бийлик

Мырзабек Жыпаркулов Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды

Мырзабек Жыпаркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу минкаб билдирди. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Эске салсак, буга чейин Жыпаркулов Мамкурулуштун жетекчиси болуп келген, анын ордуна Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев дайындалган.

«Кашкулак» тоо лыжа базасы расмий ачылды

Бизнес

«Кашкулак» тоо лыжа базасы расмий ачылды

2023-жылдын 23-декабрында Кашка-Суу аймагындагы "Кашкулак" тоо лыжа базасы расмий ачылды. Бул тууралуу Туризм департаменти билдириди. “Кашкулак” тоо лыжа базасынын лыжа трассына чыгуу үчүн узундугу 950 метрлик асма жолу бар (канатная дорога). Белгилей кетсек, эс алуучулардын карамагында эки лыжа аянтчасы бар: биринчисинин батыш тарабында, узундугу 1600 метр, экинчиси чыгыш

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4.5 тоннадан ашык күйүүчү майды тартып алды

Коом

Салык кызматы мыйзамсыз жүгүртүүдөн 4.5 тоннадан ашык күйүүчү майды тартып алды

Салык кызматынын кызматкерлери Чүй облусунда болгон рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мунайзаттарды мыйзамсыз алып өтүү жана сатуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу мекеме билдирди. Тактап айтканда, Токмок шаарында 4.5 тоннадан ашык эсепке алынбаган күйүүчү май менен транспорт каражаттары кармалган. Продукция тартып алынып, унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилди. Салык кызматы ишкерлердин салык мыйзамдарынын