Депутат Камила Талиева Лейлектеги курулушу бүтүп жаткан мектептен кабар алды
![Депутат Камила Талиева Лейлектеги курулушу бүтүп жаткан мектептен кабар алды](/content/images/size/w1200/2023/12/412877963_680123030967589_6972556690784813788_n.jpg)
Депутат Камила Талиева иш сапарынын алкагында "Лейлек" орто мектебинин курулушу менен жеринде таанышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
225 орунга ылайыкташкан мектептин курулушу 2022-жылдын декабрь айында башталып, алдыдагы күндөрү пайдаланууга берилери күтүлүүдө.
Депутат Камила Талиева аймактагы социалдык маселелерди байма-бай парламент трибунасынан көтөрүп, аталган билим уясына республикалык бюджеттен 74 млн сом каралган.
Курулуш иштерин көрүп чыккан депутат сапатка өзгөчө көңүл буруп, окуучуларга жакшы шарттарды түзүү заман талабы экендигин белгиледи.