Бизнес
Бишкектеги санитардык полигондо кагаз декларациялары өрттөлөт
2023-жылдын 7-августунда Бишкек шаардык санитардык полигонунда жеке жактардын декларацияларынын кагаз бланктары өрттөлөт. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев билдирди. Анын айтымында, процесс атайын түзүлгөн комиссиянын жана журналисттердин катышуусунда өтөт. Ушул эле күнү «Салык сервис» мамлекеттик мекемеси электрондук декларацияларды жок кылат. «Биз баарын даярдап койгонбуз.