Гранттар жана кредиттер
ЭӨА Кыргызстандын энергетика секторуна 50 млн доллар бериши күтүлүүдө
Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА, Дүйнөлүк банктын тобунда) Кыргызстанга энергетика секторун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бериши күтүлүүдө. Кечээ, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек шаарында кол коюлган КР менен ЭӨАнын ортосундагы “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.