КР энергетика секторуна Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар кредит алат - 38 жыл төлөйт

КР энергетика секторуна Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 50 млн доллар кредит алат - 38 жыл төлөйт

Кыргызстан Электр энергиялык секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (Дүйнөлүк банкка карайт) 38 жылга 50 млн доллар кредит алат.

Кечээ, 17-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында “Электр энергетика секторун модернизациялоо жана туруктуу өнүктүрүү” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору каралып, жактырылды.

Жыйында баяндама жасаган Энергетика министри Таалайбек Ибраевдин айтымында, кредит бөлүштүрүүчү тармактарды реабилитациялоо жана энергияны эсепке алуу системасын санариптештирүү жолу менен электр энергетика секторунун финансылык жана операциялык туруктуулугун жакшыртууга багытталат.

Кредитти төлөө мөөнөтү – 38 жыл, жеңилдетилген мөөнөтү – 6 жыл, кредиттик каражаттарды пайдалангандык үчүн пайыздык чен-жылдык – 0.75%, резервдөө үчүн максималдуу комиссиясы – жылдык 0.5%.

Талкуу маалында эл өкүлдөрү каражатты максаттуу пайдалануу, консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө бөлүнгөн каражаттардын көлөмүн кыскартуу зарылдыгын белгилешти. Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоорду жактырышты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Кыргызстан PPR ылаңына каршы 1,5 млн доза вакцина алды

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен кызматташтыктын алкагында майда мүйүздүү малдын кыргын ылаңына (PPR) каршы 1,5 миллион доза вакцина алды. Бул тууралуу Айыл Чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, вакцина партиясын ФАОнун Кыргызстандагы өкүлү Олег Гучгельдиев тапшырды. Вакцина Танзаниядагы Hester

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды

17-октябрда Саламаттык сактоо министрлигине үч тез жардам унаасы тапшырылды. Унаалар Чүй облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына берилет. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Жаңы техникалар чакырууларга ыкчам жооп кайтаруу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга жана жергиликтүү тургундар үчүн кечиктирилгис медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга өбөлгө түзөт. Министрликтен билдиришкендей, унааларды тапшыруу ата мекендик саламаттык сактоону

Ишкер Media
Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Жээнбек Кулубаев Самаркандда өтө турган"С5+1" жыйынына катышат

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2026-жылдын 19-октябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында өтө турган "С5+1" форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жана АКШнын Мамлекеттик катчысы катышары күтүлүүдө. Жолугушууда аймактык жана эл

Ишкер Media
Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бишкекте ак илбирсти сактоого арналган Snow Leopard Run марафону өттү

Бүгүн Бишкекте ак илбирсти жана анын табигый жашоо чөйрөсүн сактоого колдоо көрсөтүүгө багытталган Bishkek Snow Leopard Run 2026 эл аралык чуркоо жарышы өттү. Иш-чарага өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген чуркоочулар, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Катышуучулар 5, 14, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкта

Ишкер Media