Коом
«Камбар-Ата ГЭС-2» күз-кыш мезгилине даярдыктарын улантууда
«Электр станциялары» ААК 2023-2024- жылдагы куз-кыш мезгилине карата даярдык иштерин токтоосуз аткарууда. Бүгүнкү күндө «Камбар-Ата ГЭС-2де» бир катар жумуштар аткарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. Министрлик билдиргендей, төмөндөгү оңдоо иштери аяктады: · 3 электр кыймылдаткычтарынын (37кВт, 65кВт, 110 кВт) капиталдык оңдоо иштери аягына чыкты; · автотранспорттук бөлүмүнүн 4 унаасын оңдоо иштери бүткөрүлдү.