Коом
Депутат "Балага сүйүнчүнү" 10 миң сомго көтөрүүнү демилгеледи
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүн 4 миң сомдон 10 миң сомго чейин көбөйтүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул Кыргызстанда төрөлүүнү стимулдаштырууга жардам берет. Депутат белгилегендей, учурда бул жөлөкпул үчүн бюджеттен жылына болгону 600 млн сом сарпталат. Орточо эсеп менен жылына 150 миңдей бала төрөлөт.