Бишкек – Кара-Балта жолу кеңейди
Бишкек – Кара-Балта стратегиялык трассасын реконструкциялоо долбооруна Кыргызстан бюджетинен 92 млн доллар (68,5 млн насыя жана 9,5 млн грант) жумшалганын Транспорт министрлигинин Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) долбоорлорун ишке ашыруу тобунун инженер-жолчусу Нурмат Калмурзаев билдирди.
Анын айтымында, АӨБ аркылуу тартылган бул сумманын басымдуу бөлүгү мамлекеттик карыздык милдеттемесине кирет. “2024-жылы жолдун 52,5-километрлик участогу курулуп бүттү. 4 тилкелүү трассаны 6 тилкелүү кылып, жер астындагы 7 жөө адамдар өтмөктөрү реконструкцияланды. Бул жолдун оңдолушунун башкы натыйжасы автожол кырсыктарын 18 %га кыскартуу эле эмес, мыйзамдык реформа да болду”,- дейт ал.