Чет өлкөлүктөргө 6 ай уруксат берилет
 
    Экономика жана коммерция министрлигинин Бажы саясаты башкармалыгынын жетекчиси Руслан Тыналиев радиоэфирден Россия, Казакстан жарандары өзүнө катталган автоунаа менен Кыргызстанда 6 ай жүрө аларын билдирди.
Анын айтымында, унаа эси ал үчүн унаасын камсыздандырышы керек. Бирок, андай унааларды Кыргызстан жараны айдоого мыйзам уруксат бербейт. Мындай практика өнүккөн өлкөлөрдө көптөн бери колдонулуп келе жатат. Айрым өлкөлөрдө туристтер камсыздандырылбаган автоунааларга түшпөй да коюшат.
 
             
             
             
            