Шавкат Мирзиёев Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун маанисин айтты

Өзбекстан жетекчиси Шавкат Мирзиёев Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорунун стратегиялык мааниси чоң экенин билдирди.
Анын айтымында, бул долбоор эл аралык транзиттик коридорлорду өнүктүрүүдө, түрк мамлекеттеринин транспорттук байланышын чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт.
"Эгерде Ортоңку коридор Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу жана келечектеги Трансафган коридору менен туташса, биздин аймакта көп тармактуу стратегиялык магистраль системасы түзүлөт", — деди Шавкат Мирзиёев.
Буга улай ал транспорт тармагындагы демилгелер 12-ноябрда Ташкентте өтө турган эл аралык форумда кенен талкууланаарын баса белгиледи.