Бишкек мэри "Яндекс" өкүлдөрү менен «акылдуу шаар» маселесин талкуулады

Бишкек мэри "Яндекс" өкүлдөрү менен «акылдуу шаар» маселесин талкуулады

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев эл аралык өкмөттөр менен байланыштар боюнча башкаруучу директору Евгений Шумилов баштаган Яндекс компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү менен жолугушту.

Муниципалитеттен билдиргендей, тараптар коомдук транспортту санариптештирүү жана жол кыймылын башкаруу жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.

Компаниянын өкүлдөрү "акылдуу шаарды" өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен бир катар чечимдерди ишке ашыруу пландары тууралуу айтып беришти.

Ошондой эле шаардык мобилдүүлүктү (самокаттар) жакшыртуу боюнча мүмкүн болуучу чаралар талкууланды.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев жооптуу жетекчилерге көтөрүлгөн маселелер боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Жыйындын соңунда мэр "Яндекс Такси" жана "Яндекс Доставка" ишканаларында иштеген айдоочулар жана курьерлер жол эрежесин катуу сактоого токтолду.

Мындан тышкары окуңуз

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

"Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун курулат

Ала-Тоо Резорт менен Doppelmayr компаниясы "Жыргалаң" курортунда дагы төрт аркан жолун куруу боюнча келишимге кол коюшту. Документке компаниянын Россия жана КМШ өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Валерий Яшин жана "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Жаркынбек Максутов кол койду. Жаңы келишим Жыргалаң айылындагы заманбап тоо-лыжа кластерин түзүү боюнча

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Санариптик реформалар ылдамдайт: 2026-жылга жаңы милдеттер коюлду

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коллегиясынын жыйынына катышты. бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Жыйында министрликтин 2025-жылдагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2026-жылга карата негизги милдеттер белгиленди. Санариптик трансформация жана маалыматтык коопсуздук багыттары боюнча отчеттор угулуп, ведомствого караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгү талкууланды.

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарында күч өлчөгүчтөр алынууда

Бишкек шаарынын мэринин тапшырмасынын алкагында Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы шаар аймагына орнотулган күч өлчөгүчтөрдү демонтаждоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө Ленин районунун аймагында талаптарды бузуу менен орнотулган 17 күч өлчөгүч демонтаждалды. Эскерте кетсек, шаар аймагында кандай болбосун объектти орнотуу үчүн белгиленген тартипте тиешелүү уруксат

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүү 58%га азайды

Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2026-жылдын январь айында тамеки түрлөрүн өндүрүүнүн көлөмү акчалай эсептегенде 1,68 млн сомду түздү. Салыштыруу үчүн: 2025-жылдын ушул эле айында бул көрсөткүч 4 млн 29,5 миң сомду (4,03 млн сом) түзгөн. Демек, акчалай көлөм 58,3%га же 2 млн 349,3 миң