Жөө өтмөктөн жасалма интеллектке чейин: Бишкектеги тыгын көйгөйүнө сунуштар

Жөө өтмөктөн жасалма интеллектке чейин: Бишкектеги тыгын көйгөйүнө сунуштар

Бишкек шаарындагы ДЕПО-2 аймагында борбор калаанын транспорт тармагын өнүктүрүү жана тыгындарды азайтуу маселелерине арналган «Жол боюнча кеңеш–2025» жыйынында Бишкек шаарындагы тыгын маселесин чечүү үчүн бир катар инновациялык чечимдер сунушталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага мэр Айбек Джунушалиев, ЖККБ башчысы Манас Сыдыгалиев, транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаев, ошондой эле "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев катышты.

Жолугушууда атайын тилкелерди уюштуруу, аэропортко түнкү автобус каттамын ишке ашыруу, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү куруу, жасалма интеллектти колдонуу, унаа токтотуучу жайларда саатына акы төлөө системасын модернизациялоо сыяктуу маселелер талкууланды. Ошондой эле Бишкектин башкы планын ишке ашыруу боюнча сунуштар каралды.

Мэр Айбек Джунушалиев катышуучуларга конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык айтып, бардык маселелердин көзөмөлгө алынарын жана тез арада чечиле турганын белгиледи. Жол боюнча кеңеш – 2025 бул тармакта муниципалитет, эксперттер, коомчулук жана медиа өкүлдөрү биргелешип иш алып баруучу жаңы аянтча экени айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Келерки жылы Оштогу Жаңы Маале айылы реновация болот

Аймактык реформанын негизинде Ош шаарына кошулган Жаңы-Маале айылындагы эски тамдар бузулуп, ордуна көп кабаттуу үйлөр куруларын мэр Жеңишбек Токторбаев кечээ аталган айылдын тургундары менен жолугушууда билдирди. Ош шаарынын мэриясы Жаңы-Маала айылын реновациялоону пландаштырууда. Жолугушууда шаар мэри жергиликтүү тургундарга аталган долбоор тууралуу маалымат берди. Келерки жылдан баштап конуштагы бардык эски турак

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Кыргызстан менен Пакистан ортосунда бир катар келишимдерге кол коюлду

Президент Садыр Жапаровдун Пакистан Ислам Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында бир катар документтерге кол коюлду. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров жана Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

"Росатом" Кыргызстанга 2026-жылы шамал электр станциясын кура баштайт

“Росатом жаңылануучу энергия” ААКнын башкы директору Григорий Назаров “Росатом” Кыргызстанда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электр станциясын (ШЭС) 2026-жылы куруууну пландап жатканын билдирди.  “Биз ноябрь айында станцияны туташтыруу боюнча техникалык шартты алдык, бул бизге объектти деталдуу долбоорлоого киришүүгө мүмкүндүк берет. Учурда жалпы пландаштыруу, аянтча, туташтыруу схемалары аныкталды. Биз так параметрлерди

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

А.Касымалиев: "Мамлекет майыптыгы бар адамдарга колдоону күчөттү"

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев майыптыгы бар адамдардын иштери боюнча кеңештин  жыйынын өткөрдү. Ал Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын саны 2007-жылга салыштырмалуу 221 миң адамга (калктын 3%) чейин өсүшүн өкүнүү менен белгилеп, мамлекеттик колдоонун күчөтүлгөндүгү жөнүндө айтып берди. "2022-жылдан тарта социалдык жөлөк пулдардын өлчөмү эки эсеге көбөйтүлдү. 2025-жылга республикалык бюджеттин долбоорунда