Өтмөк ашуусунда жолдун сапаты керн үлгүлөрү менен текшерилип жатат

Өтмөк ашуусунда жолдун сапаты керн үлгүлөрү менен текшерилип жатат

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун кызматкерлери Талас облусунда, 3300 метр бийиктикте жайгашкан Өтмөк ашуусунда төшөлгөн асфальт-бетондон керн үлгүлөрүн алышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Керн үлгүсүн алуу иштери түз эле объектинин өзүндө жүргүзүлдү. Андан соң алынган материалдар лабораториялык шартта изилденет. Изилдөөдө керндин тыгыздыгы, суу сиңирүүсү, тыгыздык коэффициенти жана жалпы сапаты аныкталат.

Бул сыноолордун жыйынтыгында жолдун курулушунда талап кылынган курулуш ченемдери жана стандарттарына туура келеби же жокпу такталып, унаа жолдун эксплуатациялык ишенимдүүлүгү камсыз болот.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери 91 %га аткарылды

Өлкө боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери 91 %га аткарылды

Республика боюнча дан эгиндерин жыйноо иштери 91 %га аткарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, дан эгиндеринин жалпы 679 миң гектар айдоо аянтынын 619,5 миң гектары жыйналып, бул 91,2 %ды түздү. Өткөн жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч 614,6 миң

Кыргызстанда тоо-кен тармагы 9 айда 17 тонна алтын өндүргөн

Кыргызстанда тоо-кен тармагы 9 айда 17 тонна алтын өндүргөн

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2025-жылдын 9 айындагы иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы билдирди. “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директору Марат Жусупбеков 2025-жылдын 9 айындагы негизги жетишкендиктер тууралуу баяндап, регионалдык башкармалыктардын ишине токтолду. Ал учурда 2 768 субъектке 785,2 млн сом өлчөмүндө төлөмдөр

Жайыт жерлерде мотоцикл айдагандарга 11 миң сом айып салынды

Жайыт жерлерде мотоцикл айдагандарга 11 миң сом айып салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын инспекторлору Чүй облусунда жайыт жерлерди бузуу жана экологиялык эрежелерди сактабастан Эндуро мотоциклдерин айдоо фактыларын аныкташты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Рейд Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жүргүзүлүп, текшерүү учурунда эки жаран кармалып, аларга

Нефти продукциялары Кыргызстанда жетиштүү

Нефти продукциялары Кыргызстанда жетиштүү

Энертика министринин орун басары Насипбек Керимбеков радио эфиринде Кыргызстанда азырынча нефти продукцияларынын  тартыштыгы жок экенин билдирди.  Анын айтымында, нефти продукцияларын жеткирүү айрым кечигүүлөр менен болуп жатат. “Ар кайсы нефти кайра иштетүүчү заводдордо нефти продукцияларынын кору ар кандай. Орточо алганда бир айлык нефти кору бар. Азыр Энергетика министрлиги Кыргызстанга нефти продукцияларын