Бишкекте чыгырыктар үчүн тыюу салынган 12 атайын аймак бар

Бишкекте чыгырыктар үчүн тыюу салынган 12 атайын аймак бар

Бишкек шаарында чыгырыктар (электросамокаттар) менен жүрүүгө тыюу салынган 12 атайын аймак бар. Бул аймактарга жеткенде самокаттар автоматтык түрдө токтойт, жана бул процесс толугу менен GPS аркылуу көзөмөлдөнөт. Бул тууралуу “Яндекс Кыргызстан” компаниясынын жетекчиси Тилек Сулайманов бүгүн, 29-октябрда, журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Тилек Сулайманов
“Бул система колдонуучуларга кайсы жерде чыгырыктар менен жүрүүгө болорун жана кайсы жерде токтош керек экенин так көрсөтөт”, — деди Сулайманов.

Андан тышкары, Бишкекте самокаттардын ылдамдыгы саатына 15 км менен чектелген 17 аймак бар. “Бул шаар ичиндеги ылдамдыкты натыйжалуу чектөөгө жана жолдо коопсуздукту сактоого жардам берет”, — деп кошумчалады Сулайманов.

Электросамокаттардын эң жогорку ылдамдыгы саатына 25 км деп белгиленген. Так кайсы аймактарда самокат менен жүрүүгө болбой турганын жана кайсы жерлерде ылдамдыкты ашырбоо керек экенин колдонуучулар “Яндекс” тиркемесинен көрө алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Чүйдө 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөт

Президент тарабынан Чүй облусуна бөлүнгөн 10 млрд сомдун эсебинен аймакта 31 жаңы социалдык объект курулуп, 36 объектке капиталдык оңдоо жүргүзүлөрүн президенттин Чүй облусундагы өкүлү Азамат Осмонов “Кабар” маалымат агенттигине билдирди. “Президент Садыр Жапаров Чүй облусуна өзгөчө көңүл буруп, 10 млрд сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул - жөн гана

Кыргызстанда  2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда 2024-жылга караганда былтыр кант өндүрүү 523 млн сомго көп болду

Кыргызстанда кант өндүрүшү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жылдык өсүштү көрсөткөнү расмий статистикалык маалыматтарда айтылат. 2025-жылы кант өндүрүшүнүн көлөмү учурдагы баалар менен эсептегенде 4 млрд 632,6 млн сомду түзүп, 2024-жылдагы 4 млрд 109,3 млн сомдук көрсөткүчтөн кыйла жогору болду. Физикалык көлөмдүн индекси 172,1% түздү, ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүйдө дыйкан-фермерлерге арзан күйүүчү май берилип жатат

Чүй облусу боюнча быйылкы жылдагы жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө 12 миң 130 тонна дизель, 3 миң 32 тонна бензин керектелерин Чүй облусундагы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарып, 2026-жылга коюлган пландарды тактоо боюнча коллегиянын отурумунда маалымдалды. Белгиленгендей, учурда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын берген маалыматы боюнча, нефтебазаларда жана май куюучу жайларда дизель жана бензин жетиштүү көлөмдө

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Оштогу №5 мектепке 750 орундуу жаңы корпус курулат

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Ош шаарындагы №5 Жоомарт Бөкөнбаев мектебине 750 орундуу кошумча корпус курулат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Долбоор боюнча жаңы билим уясы 6 блоктон турган 3 кабаттуу имарат болуп салынат. Анда заманбап үлгүдөгү окуу класстар, китепкана, компьютердик класс, лаборатория, жыйындар залы, эмгек класстары