Өлкө аймагында жолдорду тазалоо иштери уланууда
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жолдорду тазалоо жана кум-туз себүү иштери тынымсыз жүрүүдө. “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тарабынан жолдордо алдын алуу иштер аткарылып жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда жана Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап, №9 жана №36 Жол тейлөө ишканалары инерттик материалдарды себүү менен жолдорду тазалап жатат.
5-ноябрга карата Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырууга, каршы тилкеге чыкпоо жана жол эрежелерин сактоого чакырат.



